• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент товардык белгилерди каттоого өтүнмөлөрдү берүү жана кабыл алууу системасын автоматташтырат
Жарыяланган күнү : 
01/04/2010

Бул маселе бүгүн, 1-апрелде Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын (МИМК) директору Улан Мелисбектин патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен болгон жумушчу кеңешмеси учурунда талкууланды.

Жолугушууну ачуу менен Улан Мелисбек Кыргызпатенттин адистери тарабынан, өзүлөрүнүн кеңсесинен чыкпай туруп эле товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин каттоого өтүнмө берүүгө патент алып баруучуларга мүмкүндүк бере турган интерфейс иштелип чыккандыгын кабарлады. Бул үчүн МИМКнын сайтына кирип, электрондук кол коюу менен күбөлөндүрүлгөн ылайыктуу форманы толтуруу жетиштүү. Коргоонун жогорку даражасы менен камсыз кылынган мындай кол коюуга ар бир патенттик ишенимдүү өкүл ээ болот. Муну менен жашырындуулук принциби сакталат: ар бир патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн гана өтүнмөсүнө кирүү жана өзүнүн гана документтеринин өтүүсүнө көз салып туруу мүмкүндүгүнө ээ болот.

Бул жаңылык маалыматтарды иштеп чыгууну жана документтердин өтүүсүн бир кыйла тездетүү менен гана чектелбестен, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин ишиндеги айкындуулукту камсыз кылып, «адамдык фактор» дегенди четтетүүгө мүмкүндүк берет. Улан Мелисбектин айтымында, ушул маселе өткөн жылда патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен биринчи жолу талкуулангандан бери, мекеменин кызматкерлери, башка өлкөлөрдүн патенттик ведомстволорунда өтүнмөлөрдү берүүнүн автоматташтырылган системасы кандайча иштеп жаткандыгын алдын ала изилдеп, зарыл болгон иштерди жасашты жана эртеңки күндөн баштап тексттик режимде жаңы системаны ишке киргизүүгө даяр турушат.

Мекеменин жетекчиси, ушул маселе талкууланган патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен болгон биринчи жолугушуудагы цех боюнча кээ бир жолдоштор тарабынан негизсиз каршы чыгууларды эске салды жана ушундай чыр-чатактар кайра кайталанбашы үчүн, мындан ары коллегиалдуу негизде иштөөнү сунуш кылды. Бул үчүн, Патенттик ишенимдүү өкүлдөр ассоциациясы формалдуу структура болуусун токтотуп, патенттик кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жактар үчүн гана эмес, патенттик ишмердүүлүк менен жеке иш алып баргандар үчүн дагы жеткиликтүү болуусу зарыл. Эгерде Ассоциация ушундай коллегиалдуу жана натыйжалуу орган болуп калса, анда Кыргызпатент патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясына алар тарабынан кесиптик жана этикалык ченемдердин сакталыш планында патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн ишмердигин өз алдынча контролдоп турууга Ассоциацияга мүмкүндүк берүүчү ченемди киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгууга даяр.

Жолугушуунун катышуучулары өтүнмөлөрдү берүүнүн автоматташтырылган системасы патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн ишинин натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берээрине, бирок, документ жүргүзүүгө тиешелүү кээ бир учурларды жеткилең кылып иштеп чыгуу керек экендигине ынанышты. Бул маселелерди «пилоттук» (сынактык) режимде иштеп чыгуу сунушталды.