• Кыргызча
  • Русский
"Салттуу билимдерди жана аларга байланышкан генетикалык ресурстарды укуктук коргоо маселелери" аттуу Тегерек стол
Жарыяланган күнү : 
31/03/2010

2010-жылдын 15-апрелинде Кыргызпатенттин отурумдар залында “Салттуу билимдерди жана аларга байланышкан генетикалык ресурстарды укуктук коргоо маселелери” аттуу Тегерек стол уюштурулат.

Тегерек столдун ишине КРнын УИАсынын Биотехнология институтунун кызматкерлери, КРнын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттигинин адистери, ӨЭУлардын өкүлдөрү, салттуу билимдер боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү (КАУ, КМТУ, КММА), ошондой эле Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын эксперттери катышат.

Өтө турган жери: Кыргызпатенттин отурумдар залы, Москва көчөсү, 62
Күнү жана убактысы: 15.04.2010 саат 10:00