• English
  • Кыргызча
  • Русский
«Саамалык» альманахынын кезектеги саны жарыкка чыкты
Жарыяланган күнү : 
31/03/2010

Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын финансылык колдоосу астында жыл сайын чыгуучу жаш акындардын жана прозачылардын «Саамалык» адабий альманахынын сегизинчи чыгарылышы «Бийиктик» басмасынан жарык көрдү.

«Кыргызстан эгемендүүлүк жылдары ичинде китеп басып чыгаруунун өтө оор каатчылыгына туш болду, – деди бул окуяны баяндап жатып, жыйнактын түзүүчүсү, Уюштурууну камсыз кылуу секторунун башчысы, белгилүү акын Маркабай Ааматов. – Бул каатчылык мурдагы совет мезгилиндеги ондогон жылдар ичинде калыптанган китеп басып чыгаруу схемасынын кыйрап жок болушу менен байланыштуу. Китеп продуктулары менен коомду камсыз кылуунун тартипке салынган системасынын ордуна көпчүлүк учурда эң эле цивилизациясыз формада пайда боло калып жаткан «жапайы» базар келди. Жаш адабиятчылардын чыгармачылыгы көңүл сыртында калды. Жаштардын «Учкун», «Темир канат», «Дүбүрт» деген сыяктуу басылмалары чыкпай калды. Ошол мезгилде «Адабият», «Мектеп», «Кыргызстан» мамлекеттик басмалары жабылып калды. Жаш адабий чыгармачылыкты табуу жана жаш таланттарга колдоо көрсөтүү максаттарында Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматы демилгени өз колуна алып, жаш акындардын жана прозачылардын «Саамалык» аттуу альманахын басып чыгара баштады. Жыйнак жыл сайын чыгарылат. Жакында «Бийиктик» басмасынан альманахтын сегизинчи номери жарыкка чыкты, ал эми тогузунчусун басууга кол коюлду».

Жыйнакка сынактык негизде редакцияланган жана тандалып алынган, республиканын бардык областтарынын 52 таланттуу жаш авторлорунун 130 поэтикалык жана 5 прозалык чыгармалар кирди. Ал эми чыгармалары «Саамалык» альманахында биринчи жолу жарыяланган Р. Исаков, К. Сапаралы, А. Ормотоева, А. Эсен кызы, Э. Шейшебаев, Т. Чакиев, С. Сайпидинова сыяктуу жаш акындар жана прозачылар 2009-жылы ИМ Мамфондунун колдоосу астында өздөрүнүн биринчи китептерин чыгарышты. Үстүбүздөгү 2010-жылы ошондой эле В. Акматова, Ш.Жаңыбаева, Э.Жумагазиев, Т.Козубаев, Д. Исаков, К.Рыскулов, Э.Элчибек уулу сыяктуу 7 таланттуу жаш авторлордун чыгармаларын басып чыгаруу пландаштырылууда.

«Адабий жыйнак «Саамалык», - дейт Маркабай Ааматов, – жаш авторлорго баарыдан мурда бири-бири менен баарлашууга жана жаңы адамдар менен таанышууга мүмкүндүк берет. Поэзия – назик материя, адабият — элитардык жумуш. Ал жаңы адамга эсептелген. Мейли ыр түрүндө болсун, кай бир учурда чебер, ал эми кээде анча толук жетилбеген болсо да, «Саамалык» адабий жыйнагынын беттерине басылгандардан ага эмне жакын экендиги, анын жан дүйнөсүн түйшөлткөн эмне экендиги түшүнүктүү. Биздин окурманыбыз мүмкүн эч качан ыр саптарын жазбаса дагы, өзүнүн чыгармачылыгы – окуп чыгуусу менен акындын чыгармачылыгына кол тийгизсин. Ал эми Интеллектуалдык мүлктүн мамлекеттик кызматынын милдети – сөздөрдөн, фразалардан акын жараткан керемет дүйнөнү көз алдыга келтирүү, бул эмгекти чыгармачыл кылуу».