Евразия патенттик ведомствосунун (ЕАПВ) президенти Александр Григорьев ЕАПВнын жамаатынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Кыргызпатенттин башчысы Улан Мелисбекти Туулган күнү менен куттуктады.
Куттуктоодо мындай деп айтылат: “КРнын МИМКнын директору болуп эсептелүү менен, Сиз Сиздердин мамлекеттин интеллектуалдык менчигин өнүктүрүүгө өзүңүздүн олуттуу салымыңызды кошуп жатасыз. Сизге түгөнгүс энергияны, ушул жоопкерчиликтүү кызматтагы чыгармачылык ийгиликтерди, ошондой эле биздин ведомстволордун ортосундагы достук байланыштардын мындан ары өнүгүшүн жана чыңдалышын каалайбыз. Ушул майрам күнүндө менин чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алып коюңуз, Сизге чың ден-соолук, зор бакыт, бакубатчылык жана бардык башталыштардагы ийгиликтерди каалаймын”.
