• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жамааты өз жетекчисин куттуктады
Жарыяланган күнү : 
31/03/2010

Бүгүн, 31-мартта Кыргызпатенттин жамааты мекеменин башчысы Улан Мелисбекти Туулган күнү менен куттуктады.

Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев жалпы жамааттын атынан куттуктап сөз сүйлөдү. Кесиптештер туулган күнгө китептер сериясын белек кылышты жана атайын дубал гезит чыгарышты. Статс-катчы өз сөзүндө Улан Мелисбек мырзага чың ден-соолук, кесиптик ишмердикте ийгиликтерди, ошондой эле оптимизмди жана күч-кубатты каалады.

Улан Мелисбек мындай күтүлбөгөн жагымдуу куттуктоого ыраазычылык билдирди жана Кыргызпатент чынында эле мекеменин гүлдөп өнүгүшүнө зор ынтаа коюп иштөөгө даяр, ошону менен бир тууган мамлекетин өнүктүрүүгө өз эмгегинин кичине бир бөлүгүн болсо да салым катары кошкон биримдиктүү команда болуп калгандыгын белгиледи