• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жетекчилери журналисттерге Интеллектуалдык мүлк күнүнө даярдык жөнүндө айтып беришти
Жарыяланган күнү : 
31/03/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 31-мартында “Кабар” маалыматтык агенттигинде Кыргызстандагы Интеллектуалдык мүлк күнүнө арналган пресс-конференция болду.

Пресс-конференцияга Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын директору Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин башчысынын орун басары Данияр Сыдыков жана КРнын МИМКнын Экспертиза башкармалыгынын начальниги Абдикалил Токоевдер катышты.

Журналисттер менен болгон жолугушууда Кыргызпатенттин жетекчилиги 26-апрелде боло турган Интеллектуалдык мүлктүн Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын планын айтып беришти.

Ошентип, Интеллектуалдык мүлктүн Эл аралык жана Улуттук күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Кыргызпатент бүтүндөй апрель айынын ичинде мыйзамдарды жакшыртуу, товардык белгилерди жана фирмалык аталыштарды укуктук коргоо жана салттуу билимдерди азыркы күндө колдонуу маселелери сыяктуу, биздин өлкөдөгү ИМ системасын өнүктүрүү үчүн актуалдуу маселелер талкуулана турган тегерек столдор өткөрүлөт.

Студент жаштар ИМ жөнүндө билимдердин коомдогу мааниси жөнүндө таймаштарга катышат, ал эми мектеп окуучулары үчүн викториналар уюштурулмакчы. Салттуу түрдө тематикалык китеп көргөзмөлөрү, ошондой эле ЖОЖдордун студенттеринин жана Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын мектеп окуучуларынын мыкты илимий-техникалык иштеринин жана ойлоп табууларынын көргөзмөлөрү уюштурулат.

ИМдин Эл аралык күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын аяктоо убактысы 2010-жылдын 27-апрелинде [url=http://patent.kg/ru/news/2010/03/30/day], көрүнүктүү ойлоп табуучулар, чыгармачыл ишмерлер, ийгиликтүү компаниялар, студенттер жана КРнын МИМКнын кызматкерлери сыйлана турган салтанаттуу чогулуш менен жабылмакчы.

Андан тышкары ММКнын өкүлдөрүн мекеменин күнүмдүк ишмердигине тиешелүү маселелер, KG домен аймагын башкаруу милдетин кайра өкүлдөө жол-жоболору жана Кыргызпатенттин мыйзамдык демилгелери кызыктырды. Салттуу түрдө Кыргызстандагы контрафактылык продуктуларга каршы күрөшүү чаралары жана каракчылыктын деңгээли жөнүндө маселелер айтылды.