Мындан ары дем алыш күндөрүнүн алды Кыргызпатентте брейнстормингдерди өткөрүү күнү болуп калат. Мындай чечим МИМКнын директору Улан Мелисбектин демилгеси боюнча мекеменин жетекчилиги тарабынан кабыл алынды.
Кезектеги «мээ чабуулу»жакынкы жумада, 2-апрелде саат 17.00де болот. Бул жолу талкууга эки маселе коюлат:
1) ИМ Мамфондуна авторлордун мүлктүк укуктарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө;
2) Кыргызпатенттин жыл сайынкы атайын сыйлыгын уюштуруу жөнүндө.
Талкууга идеяларын коюуга жана брейнстормингге катышууга мекеменин гана кызматкерлери эмес, Кыргызпатент тарабынан болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын ишинин натыйжалуулугуна кызыкдар болгондордун бардыгы укуктуу. Бул үчүн электрондук дарекке кабарлоо жөнөтүп коюу жетиштүү болот :
