• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргыз киносунун экинчи деми
Жарыяланган күнү : 
26/03/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 26-мартында Кинематографты Өнүктүрүү Фонду «Канат менен Зарина» КФнын колдоосу астында “Кыргыз киносунун экинчи деми” аттуу DVD коллекциясынын бет ачарын өткөрөт.

Коллекцияга кыргыз кинематографынын аренасында белгилүү болуп калган режиссерлор: Марат Сарулу, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаровдордун, ошондой эле жаш болсо дагы өздөрүн көрсөтө алган режиссерлор: Марат Алыкулов, Акжол Бекболотов, Наргиза Маматкуловалардын 11 мыкты фильмдери кирди.

Коллекция үчүн тандалып алынган, арт-хаус жанрында тартылган бул фильмдер терең маңыздуу мазмуну, өзгөчө чыгармачыл мамилеси жана жогорку профессионалдуулугу менен айырмаланышат.

Ата мекендик фильмдердин коллекциясы, кыргыз киносунун көз карандысыз чыгармачыл образы катары «Кыргыз киносунун экинчи деми” деген аталышты алды.

Иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү маданий ишмерлери жана кинематографисттери, ошондой эле бет ачардын коногу катары Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун директору Зарина Оморова катышат.