• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте китеп маркетинги маселесин талкуулашты
Жарыяланган күнү : 
25/03/2010

КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду “Кыргыз Республикасында өз чыгармасын кандайча ийгиликтүү сатууга болот» деген семинардын уюштуруучусу катары чыкты. Бул жан ачыткан маселени бүгүн, 25-мартта, тегерек столдун четинде, жазуучулар коомдоштугунун, басмалардын жана китеп соода тармагынын өкүлдөрү талкуулашты.

«Бул маселе эбак бышып жетилген – деп сөзүн баштады жолугушууну ачып жатып, ИМ Мамфондунун Уюштурууну камсыз кылуу секторунун башчысы Маркабай Ааматов. – Кыргыз авторлорунун китептери бүгүнкү күндө абдан аз нускада чыгарылат, ошол дагы окурмандын колуна тийбейт, анткени республикада практика жүзүндө китепсоода системасы жокко эсе».
Мамфондунун директору Зарина Оморованын айтымы боюнча, бул маселени «сенек чекиттен» жылдырууга жалпы күч аракеттер жумшалуусу керек, бул үчүн китеп чыгаруучулар, жазуучулар жана соода тармагынын өкүлдөрү чогулуп, өтө зарыл маселелерди талкуулап жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун биргелешип издөө үчүн сүйлөшүүлөр аянты болууга тийиш.

Китеп чыгаруу жана китептерди сатуу көйгөйү туурасында КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Абдрахман Алымбаев өз баяндамасында айтып берди.

Талкуунун жүрүшүндө төмөндөгүдөй сандар келтирилди: бүтүндөй 2008-жыл үчүн Кыргызстанда балдар үчүн болгону 12 китеп 12 миң нуска менен чыгарылган. Муну менен китепке, баарыдан мурда кыргыз тилиндеги көркөм чыгармаларга суроо-талаптар өсүп жаткандыгы, эне тилиндеги адабияттар биздин республиканын гана аймагында эмес андан тышкары жашоо кечирип жаткан биздин жердештерибиз үчүн да зарыл болуп тургандыгы белгиленди.

«Раритет» басмасынын жана китеп дүкөнүнүн директору Виктор Кадыровдун пикиринде, биздин республикада басма иши өнүкпөй жатат, ал эми китеп маркетинги жөнүндө билгендер аз. Китеп жайылтуу системасы болсо, менчиктештирүүнүн толкунунда таптакыр жок кылынган. Акыры келип, китеп басып чыгаруу жана китеп соода жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат маселесин чечүү зарыл.

Бул маселелер чечилгиче, ата мекендик авторлордун чыгармаларын алга жылдыруунун атаандаш мүмкүндүгү бар, ал – Интернет аркылуу окурманга жеткирүү. Бул ишти кандайча кыйла натыйжалуу аткаруу керектиги туурасында «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасынын башкы редактору Олег Бондаренко айтып берди.

Жолугушуунун катышуучулары, пикирлердин ар түрдүүлүгүнө карабай, семинар жазуучулар, китеп чыгаруучулар жана китеп соода тармагынын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жөнгө салууда биринчи кадам болуп калгандыгын белгилешти. Ал эми Мамфондунун өкүлдөрү кийин өкмөткө жана парламентке конкреттүү сунуштар менен чыгууда ушул айтылган идеялардын жана сунуштардын бардыгы эске алына тургандыгын айтышты.