• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошот
Жайындалган күнү : 
2010-03-23

Кыргызпатентте кыргыз тилинде интеллектуалдык менчик (ИМ) тармагындагы терминдердин жаңы глоссарийи иштелип чыгат. Бул ишти мекеменин ар кайсы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн киргизүү менен атайын түзүлгөн жумушчу тобу алып барат.

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек кабарлагандай, мурдагы глоссарий 1996-жылы эле чыккан жана бүгүнкү талаптарга жооп бербейт. Ушуга байланыштуу Кыргызпатенттин бардык бөлүмдөрүнө 4-майга чейин алардын жоопкерчилик чөйрөсүндө - товардык белгилерди, ойлоп табууларды, өнөр жай менчиги объектилерин, автордук укуктарды ж.б. коргоодо колдонулуучу терминдерге “текшерүү” жүргүзүп, бул терминдерге сыпаттама даярдап жана аларды мамлекеттик тилге которуу боюнча өз сунуштарын жумушчу топтун кароосуна киргизүү иши тапшырылды.

Андан тышкары, Интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нуржамал Ильясованын сунушу боюнча, ИМ жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдардын, жана иштеп чыгуу процессинде турган же макулдашуу жана карап чыгуу жол-жоболорунан өтүп жаткан мыйзам долбоорлорунун терминдерин дагы дыкаттык менен талдап чыгуу болжоштурулууда.

“Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” жаңы мыйзамда, ага ылайык мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерде түрдүүчө окулуудан келип чыккан укуктук коллизиялар пайда болгон учурда, мамлекеттик тилде чыгарылган ченемдик-укуктук актынын тексти негиз катары кабыл алына турган ченем камтылган. Бул мыйзамдарда жана ченемдик актыларда, өзгөчө терминдер бөлүгүндө сапатка болгон талапты бир кыйла жогорулатат.

Мекеменин жетекчиси Улан Мелисбектин айтымына караганда, бул иш ошондой эле, өткөн жылда эле башталган Кыргызпатенттеги иш жүргүзүүнү автоматташтыруу процессин аяктоо үчүн дагы зарыл.