• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызстан — рейтингде
Жарыяланган күнү : 
23/03/2010

Кыргыз Республикасы 2010 –жылда мүлк укуктарын коргоонун Эл аралык Индексинде Украина, Индонезия жана Македония менен 97-, 98-, 99- жана 100-орундарды бөлүштү.

Мындай маалыматты Бишкек ишкер клубу өз сайтында элге жарыялады. Кабарлоодо, бул өлкөлөрдүн бардыгы рейтингдин он баллдык шкаласында 4,1 баллдан топтошту деп айтылат. Рейтингдин биринчи орунун Финляндия алды (10дун ичинен 8,6 балл). Экинчи жана үчүнчү орундарды Дания менен Швеция (8,5 балл) бөлүштү. Төртүнчү орун Нидерландыктарга тийди. Биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүзгө келсек, АКШ 15-орунда (7,9 балл) болуп, Россия менен Казакстан болсо Перу, Гватемала, Кения, Мадагаскар жана Брунея менен 88-ден 94-гө чейинки орундарды бөлүшүштү. Бул өлкөлөр 4,3 балл Индекси менен бааланышты.

Өлкө материалдык, ошондой эле интеллектуалдык мүлккө карата өз жарандарынын укуктарын кандай коргосо, Мүлк укуктарын коргоонун Эл аралык Индекси (IPRI) ошондой баалайт. Индекс үч көрсөткүчтөн турат: өлкөнүн мыйзамдары, интеллектуалдык мүлктү коргоо жана жеке мүлк укуктарын коргоо. Ар бир көрсөткүч боюнча 1ден 10го чейинки баллдар берилет, андан кийин орточо балл эсептелет. Изилдөөлөр Иерусалимдин маркетингдик изилдөөлөр институту тарабынан жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл алар тарабынан дүйнөнүн 125 өлкөсү тартылган. Изилдөөгө, Вашингтондогу жеке мүлктү коргоо Альянсы жана Хернандо де Сото стипендиалык программасы менен өнөктөштүктөгү Бишкек Ишкер Клубун камтуу менен 62 уюм катышты.