• Кыргызча
  • Русский
Концепция бар – демек стратегия дагы болот
Жарыяланган күнү : 
19/03/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 19-мартында Кыргызпатенттин отурумдар залында, Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан даярдалган, интеллектуалдык менчик (ИМ) боюнча келечектеги Улуттук стратегиянын концепциясынын долбоорунун бет ачары болду. Жолугушууга Кыргызпатенттин директорунун орун басары Данияр Сыдыков, статс-катчы Бакыт Кененбаев, директордун кеңешчиси Туруспек Коеналиев, бөлүмдөрдүн башчылары жана адистер катышты.

Бет ачарды ачуу менен Зина Исабаева бул азырынча болгону алгачкы гана сомоломо жана ушунун негизинде келечектеги документтин «каркасы» курула тургандыгын белгиледи. Ал, аны ишке ашыруунун натыйжасында коом кандай пайдаларды алат жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн Кыргызпатент кандай болуп калууга тийиш деген сыяктуу акыркы жыйынтык келечектеги стратегиянын көрүнүшүнүн негизине түптөлүшү керек экендигин кошумчалады.

ИМди коммерциялаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү, стратегияны ишке ашырууну мыйзамдык камсыз кылуу, кызыкдар болгон топтордун, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнүн документти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине катышуусу сыяктуу маселелер өзгөчө жандуу талаш-тартыштарды пайда кылды.

Кыргызпатенттин директорунун орун басары Данияр Сыдыковдун айтуусу боюнча, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, айтылып өткөн акыркы учур өзгөчө маанилүү. Ал эми статс-катчы Бакыт Кененбаев кеңири коомчулуктун түшүнүшү үчүн келечектеги документтин жөнөкөй жана жеткиликтүүлүгүнө көңүл буруу керектигин белгиледи. Контрафактылык жана жасалма продуктуларды изилдөө жана экспертөө бөлүмүнүн жетекчиси Тимур Адилов сапаттуу мыйзам долбоорлорун даярдоонун маанилүүлүгүнө басым жасады. Бул жерде, ушундай стратегияларды иштеп чыккан өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонууга болот деп айтты ал.

Катышуучулар долбоорду талкуулап жана маселенин ар бир блогу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү менен ишти баштай берүүгө макулдашышты.