Кыргызпатент компьютерлерди белек кылды
Жарыяланган күнү :
17/03/2010 Нооруз майрамынын урматына Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы Токмок шаарынын № 5 мектебинин окуучуларына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.
Кыргызпатент тарабынан тартуу кылынган компьютерлер мектеп окуучуларына эң эле заманбап маалымат каражаттарын өздөштүрүүгө, керектүү билимдерди алууга, өздөрүнүн мамиле түзүүлөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Белектерди кабыл алган № 5 мектептин математика мугалими Туратбек Мааткулов Кыргызпатентке ыраазычылык билдирди жана ИММКнын белектери “балдардын жөндөмүн арттырууга жана дүйнө таанымын өнүктүрүүгө жардам берет” деп айтты.
