• English
  • Кыргызча
  • Русский
Митко Чаталбашев: «Мурдагы советтик мейкиндиктеги автордук коомдордун көпчүлүгү натыйжасыз иштешет»
Жарыяланган күнү : 
17/03/2010

Бишкекке иш сапары менен Авторлор жана композиторлор коомдорунун Эл аралык конфедерациясынын (CISAC) Европалык бюросунун директору Митко Чаталбашев келди. Кечээ анын ИММКнын директору Улан Мелисбек жана мекеменин адистери менен жолугушуусу болду.

Келүүнүн максаты – CISACка кошулган өлкөлөрдө мындан эки жыл мурда ушул уюм тарабынан кабыл алынган кесиптик эрежелер кандай аткарылып жаткандыгы менен таанышуу. Коноктун билдиргенине караганда, мындай инспекцияларды жүргүзүү үчүн өлкөлөрдү тандап алуу ыктыярдуу болгон. Кыргызстандан тышкары, Конфедерациянын жетекчилиги ушуга окшогон миссия менен Россияга, Украинага жана Чехияга барууга ниеттенүүдө.

- Бул аудит эмес, өнөктөштүк текшерүү, – деп түшүндүрдү жолугушуу учурунда Митко Чаталбашев. – Мындай текшерүүлөрдүн мааниси, автордук укуктарды жамааттык башкаруу – бул объективдүү зарылдык экендигин коомдун түшүнүүсүндө турат. Мунун натыйжасы – CISACтын катышуучу өлкөлөрү үчүн жамааттык башкаруунун жалпы принциптерин иштеп чыгуу болуп калууга тийиш.

Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек, азыркы мезгилде мекеме автордук сый акыларды чогултуу системасын реформалоо боюнча иштеп жаткандыгы жөнүндө айтып берди. Мамлекет объективдүү себептерге байланыштуу автордук укуктарды натыйжалуу башкарууга чамасыз, анын үстүнө мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун жүрүшүндө мекемеде бир топ штаттар кыскартылды. Автордук укуктарды жамааттык башкаруу системасын түзүү зарылдыгы эбак бышып жетилген жана Кыргызпатент бул багытта иш баштады. Ушуга байланыштуу Улан Мелисбек CISACтын жетекчилигине авторлордун мүлктүк укуктарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктар өкүлдөнө турган коомдук уюмду түзүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Митко Чаталбашев Кыргызстандагы келип чыккан система бүгүнкү жагдайга жооп бербейт деген пикирге кошулду. Бул, республикада автордук сый акылардын жыл сайынкы чогултулган суммасы жетишээрлик жупуну санды – 40 миң еврону түзгөндүгү жана бул көрсөткүч көп жылдардан бери өзгөрбөй келаткандыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бирок, практика көрсөткөндөй, автордук укуктарды башкаруунун моделинин өзү көйгөйлөрдү чечпейт. Кандай болгон күндө дагы, мурдагы советтик мейкиндиктин көпчүлүк өлкөлөрүндө автордук коомдор түзүлгөндүгүнө карабастан, азырынча көзгө көрүнөөрлүк натыйжалар боло элек. Ал тургай Россия автордук коому (РАК) автордук сый акыларды чогултуу боюнча Венгрия сыяктуу европанын кичинекей өлкөсү менен бир деңгээлде турат (жылына 50 миллион евро). Бул мааниде алып караганда коңшу Казакстан үлгү боло алат, ал жакта авторлордун жана аткаруучулардын жергиликтүү бирикмеси өткөн жылы эле авторлордун пайдасына миллиондон ашуун евро чогултканга жетишкен.

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/17/mitko
Тема боюнча материалдар:
В Бишкеке обсуждается вопрос о создании организации коллективного управления авторским и смежными правами