Анкарада мыкты патенттер үчүн сыйлоонун 3-салтанаты (Turkish Patent Awards 2009 ) болду.
Иш-чара Турция Республикасынын Патент институту тарабынан уюштурулду. Ардактуу коноктор катарында салтанатка Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек жана Маркетингдөө, инвестициялар ИМОну баалоо бөлүмүнүн начальниги Насыр Жакыпбек уулу чакырылышты.
Мыкты ойлоп табуучуларды, чыгармачыл адамдарды, массалык медиа өкүлдөрүн, инновацияларды активдүү өздөштүрүүчү алдыңкы соода маркаларынын, компаниялардын ээлеринин жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүнүн башка лидерлерин урматтап куттуктоо боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү бул иш-чара дайыма жогорку деңгээлде өтөт. Бул жолу ага Турциянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган жана чогулгандарга куттуктоо сөзү менен кайрылган вице-премьер Бюлент Арнч катышышты.
Чакырылган коноктордун – ар кайсы өлкөлөрдүн патентик ведомстволорунун, ошондой эле Европанын патентик коомунун өкүлдөрүнүн тизмеси дагы кыйла салабаттуу болду. Мурдагы советтик өлкөлөрдөн алардын ичинде Кыргызстан жана Грузия болду.
Салтанаттуу азем аяктагандан кийин Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбектин Турциянын Патенттик институтунун башчысы, профессор Хабип Асан менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар интеллектуалдык менчик жаатындагы мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/16/turkey
Тема боюнча материалдар:
“Кабар” КУМА

