Бишкек райондор аралык соту Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драм театрынан 63 063 сом өлчөмүндө автордук сый акыларды төлөтүп алуу жөнүндөгү Кыргызпатенттин доо арызын канааттандырды. Ошентип, бир жылдан бери чечилбей келе жаткан соттук доолашууга чекит коюлду.
2001-жылы эле автордук укук жөнүндө КРнын мыйзамына жана башка ченемдик актыларга ылайык Кыргызпатент менен театрдын администрациясынын ортосунда чыгармаларды эл алдында аткарууга укукка лицензиялык келишим түзүлгөн. Ушул документке ылайык театр Кыргызпатентке квартал сайын, өлчөмү атайын Жобо менен аныкталган автордук сый акыларды төлөп берип турууга милдеттенген. 2007-жылдын июлуна чейин театрдын администрациясы авторлорго сый акыларды төлөп берүү үчүн сүйлөшүлгөн сумманы дайыма чегерип турган.
Бирок, жетекчи алмашкандан кийин жаңы директор бул акчаларды төлөөдөн таптакыр баш тарткан. Андан тышкары, жаңы администрация, Кыргызпатенттин чогулуп калган карызын төлөтүп берүү жөнүндөгү сотко кайрылуусуна жооп кылып каршы доо арызын жазган. Театрдын жетекчилиги лицензиялык келишимди мыйзамсыз деп жарыялаган жана Кыргызпатенттен мурда төлөнгөн 846 700 сом өлчөмүндөгү автордук сый акыларды кайра кайтарып берүүсүн талап кылган. Негиздеме катары «театрда аткарылган чыгармалардын автордук укугу мамлекетке – театрдын ээсине таандык» деп билдирилген.
Бул логика боюнча театрдын сахнасында чыгармалары коюлган Маар Байжиев, Мырзабек Тойбаев, Чынгыз Төрөкулович Айтматов жана башка авторлор – алардын чыгармаларын пайдалангандыгы үчүн сый акыга талапкерлик кылууга укугу жок экен. Бирок бул – күчтүү сезим гана, ал эми сот болсо, өзүнүн чечимдеринде авторлордун укуктарын ырааттуу коргой турган, мыйзамдын өзгөчө тамгаларын жетекчиликке алат. Ошондуктан Бишкек райондор аралык сотунун өкүмү бир гана мааниде.
