Кыргызпатент Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курмановдун, экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Абдирейим Кулбаевдин жана Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаевдин дарегине расмий кат менен кайрылды, анда акыркысы ведомствонун беделине шек келтиргендиги жөнүндө айтылат.
Окуялардын ирети мындай, ушул жылдын 12-январында экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда “КРнын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамынын долбоорун карап чыгуу учурунда депутат Н.А. Молдобаев Кыргызпатенттин кызматкерлерин борбордун видео прокат салондорун негизсиз текшерүүлөрдө жана аудио-видео продукцияларын алып коюуда күнөөлөгөн. Мындай текшерүүлөрдөн “жапа чегүүчү” катарында борбордогу «Сова» видео прокат салонунун аты аталган. Парламентте мыйзам долбоорун көрсөтүп жаткан Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбектин түшүндүрүүгө жасалган аракеттери Нарынбек Молдобаев тарабынан четке кагылып, ал көрсөтүлгөн салондун ээсинин кайрылуусу өзүндө жаткандыгы жөнүндө билдирген болчу.
Кыргызпатенттин жетекчилиги «Сова» салонунун ээси жеке ишкер Я.Хавазовго жагдайды түшүндүрүп берүүсүн суранып кайрылды. Мындан бир жыл мурда эле Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директорунун буйругу менен мындай текшерүүлөрдү жүргүзмөк тургай (бул милдет, ошондой эле шектүү продуктуларды алуу милдети дагы финансы полициясына жүктөлгөн) аларга катышууга дагы тыюу салынган. Жакында эле “Сованын” ээсинен төмөндөгүдөй мазмундагы кат келди:
«Сиздердин 2010-жылдын 2-февралдагы №01/99 катыңыздарга төмөндөгүлөрдү кабарлайбыз, «Сова» видео прокат салонунун кызматкерлери биздин тармактагы кандайдыр бир текшерүүлөр же алуулар жөнүндө билдирүүгө эч кандай негиздеме берген эмес. Ошондуктан, Сиздердин катта көрсөтүлгөн, биздин дарекке карата айтылган шилтемени негизсиз деп эсептейбиз”.
Ушул жооп Кыргызпатенттин кызматкерлеринин далилсиз маалыматты четке кагуу үчүн депутаттык корпуска жана Н.Молдобаевдин өзүнө кайрылуусуна түрткү болду.
«Төрагага, комитеттин төрагасына жана айтылгандардын авторуна жөнөтүлгөн катта, ошол отурумда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, ведомстволордун, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкандыгы жана депутаттын мындай эскертүүсү бүтүндөй ведомствонун кадыр-баркына доо кетиргендиги айтылат”.
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/12/refutation
Тема боюнча материалдар:
Акипресс
URL:
http://patent.kg/news/2010/03/15/refutation
Алакалуу макалалар:
Акипресс