«Интеллектуалдык менчик деген эмне жана аны ким жаратат?» – ушундай аталыштагы сынактар апрелде Жалал-Абаддын, Оштун, Нарындын, Канттын, Таластын мектептеринде өтөт. Жогорку класстардын окуучулары ИМ жаатындагы өз билимдери боюнча жарышка чыгышат, ал эми жеңүүчүлөр уюштуруучулардан – Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) кызматкерлеринен сыйлыктарды алышат.
«Мындай сынакты биз былтыр Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы менен бирдикте өткөргөнбүз. Быйылкыдай эле ал дагы Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө арналган эле. – деп айтып берди МПТКнын директору Людмила Баклыкова. – Бул, борборубуздагы беш мектептин 9-10 класстарынын окуучуларынын катышуусундагы викторина болчу. Белектер катары жеңүүчүлөр Кыргызпатенттин логотиптери бар футболкаларды алышкан. Балдар аларга мурда тааныш болбогон тармакта өздөрүнүн жогорку билимдерин көргөзүшүп, викторинанын бардык суроолоруна так жана сабаттуу жооп беришип, өзүлөрүнүн активдүүлүгү менен уюштуруучуларды таң калтырышты».
Быйыл китепкананын кызматкерлери өлкөнүн башка аймактарында интеллектуалдык менчик жөнүндө билимдерди элге жеткирүүдө өз тажрыйбаларын жайылтууну чечишти. Долбоор жазып чыгышып, бүтүрүүчүлөр үчүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү программаларынын грантын алышты. Китепкананын адистери интеллектуалдык менчик объектилери боюнча эскерткичтерди түзүшүп, аны гранттын каражаттарына орус жана кыргыз тилдеринде чыгарышты. Мындай эскерткичтер мектептик, балдар китепканаларына, ошондой эле өлкөнүн лицейлеринин колледждеринин китепканаларына таркатылмакчы.
МПТКнын кызматкерлери бул ишти улантып, Интернетке кирүү мүмкүндүгү бар болгон борбордук жана аймактык мектептер менен кызматташууну жөнгө салууга ниеттенишүүдө.
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/11/school
Тема боюнча материалдар:
Викторина для школьников «Что Вы знаете об интеллектуальной собственности?»
Акипресс

