Бүгүн, 2010-жылдын 4-мартында КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын отурумдар залында, интеллектуалдык менчик жаатында улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселеси боюнча маалыматтар жана сунуштар менен алмашуу максатында, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) жана Кыргызпатенттин делегациясынын кезектеги чыгармачыл союздардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.
Иш-чарага жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, кинематографисттер союздарынын, элдик чеберлердин, ошондой эле Айылды өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты.
Чогулгандарды Кыргызпатенттин директорунун кеңешчиси Туруспек Коеналиев жана ИМБДУ командасынын бардык мүчөлөрүн тааныштыруу менен, ИМБДУнун делегациясынын башчысы, ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору М.Свантнер куттукташты.
Жолугушуунун жүрүшүндө автордук сый акыларды чегерүү; автордук чыгармаларды мыйзамсыз жайылтуу көйгөйлөрү; салттуу билимдерди коргоо, интеллектуалдык менчик жөнүндө жарандардын кабарсыздыгынын жетишсиздиги сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.,Айрым убактарда укук ээлеринин макулдугусуз чыгармалары чет өлкөлөрдө чыгып кетип жаткан ата мекендик авторлордун укуктарын коргоо жөнүндө маселе өзгөчө курч турат.
Пикирлер жана баалуу сунуштар менен алмашуулардан кийин, жолугушуунун катышуучулары, келечектеги стратегиянын негизин түзө турган автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу үчүн үзгүлтүксүз жолугушуулардын жана консультациялардын зарылдыгы жөнүндө корутундуга келишти.
Өз кезегинде ИМБДУнун эксперттери, Кыргызстандын чыгармачыл коомдоштуктарындагы жагдайлар жөнүндө жана автордук укуктарды жана салттуу билимдерди коргоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору кандайча изделип жаткандыгы туурасында бир топ жаңы жана пайдалуу маалыматтарды алгандыктарын белгилешти. Кыргызпатенттин директорунун кеңешчисинин жана мекеменин адистеринин пикирлери боюнча, республикада автордук укуктарды жамааттык башкаруу системасын түзүү жагдайды жакшыртуунун жолдорунун бири болуп калуусу мүмкүн. Муну менен жолугушуунун уюштуруучулары, адабият жана искусство чыгармаларын жаратуучулардын өзүлөрү өз чыгармаларын уурдалуудан жана каракчылыктан сактоодо активдүү абалды ээлөөлөрү керек экендигин белгилешти.
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/04/creation
URL:
http://patent.kg/news/2010/03/11/creation




