Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын юбилейине карата агасы Нуркан Турсунбаев анын автордук календарын чыгарды.
Арта салма календарда театр менен кинодогу Таттыбүбү Турсунбаеванын бардык кейипкерлери, ошондой эле таланттуу актриса жөнүндө белгилүү инсандардын, анын ичинде көрүнүктүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун эскерүүлөрү чагылдырылган.
Календарларды сатуудан түшкөн бардык каражатты Нуркан Турсунбаев юбилейлик иш-чараны өткөрүүгө жумшайт.
Календардын параметрлери: 22х25 см
Календарларды сатып алуу маселелери боюнча Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондуна 681965 телефону боюнча кайрылууңуздарды суранабыз.
Таттыбүбү Турсунбаеванын кыскача өмүр баяны
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, СССР Кинематографтар союзунун мүчөсү жана Кыргызстан театр ишмерлер союзунун мүчөсү Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Жумгал районунун Чаек айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 17 жашында Ташкенттеги Театр институтунун актердук факультетине өткөн. Институту бүтүргөн соң 1966-жылы, анын чоң искусстводогу жолу Кыргыз Мамлекеттик академиялуу драма театрынын сахнасында башталат. Бир эле мегзилде ал кинодо дагы көп жана жемиштүү иштеген. Экранда жана сахнада ал тарабынан көптөгөн ар кандай мүнөздөр түзүлгөн. Ал төмөндөгү фильмдерде тартылган: «Салиманын ыры» (1960 ж.), «Тил алчаак» (1965 ж.), «Саманчынын жолу» (1967 ж.), «Ак-Мөөр» (1968 ж.), «Уркуя» (1971 ж.), «Ак куулар учуп келишет» (1972 ж.), «Атадан калган туяк» (1973 ж.), «Сүйүү жаңырыгы» (1974 ж.), «Кызыл алма» (1975 ж.), «Арман» (1975 ж.), «Алтын күз» (1976 ж.), «Процесс» (1979 ж.).
Т. Турсунбаева өзгөчө бир ажайып адам, эң сонун аял жана ар кандай мүнөздөгү актриса болгон, ошондой эле экранда жана сахнада көптөгөн аялдардын образдарын жараткан. Кыргыз мамлекеттик академиялык театрынын сахнасында күндөлүк репертуардын бардык алдыңкы ролдорунда ойногон. Булар дүйнөлүк жана советтик классика, ошол кездеги советтик жана кыргыз драматургиясы: Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим, Е.Шварц жана башкалар. Т. Турсунбаева сахнада 30га жакын ролдорду ойногон: булар Джульетта («Ромео менен Джульетта»), Бьянка («Азоого чалма»), Омелия («Бернарда Альбанын үйү»), Фелисьевна («Бий мугалими»), Асель («Кызыл жоолук жалжалым»), Анвар («Фудзиямодо кадыр түн») жана башка көптөгөн ролдор.
Өмүрүнүн жана чыгармачылыгынын гүлдөп турган кезинде 1981-жылы 21-декабрда Таттыбүбүнү күтүүсүздөн ажал арабыздан алып кеткен.
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/09/tursunbaeva
Тема боюнча материалдар:
Кино-театр

