• English
  • Кыргызча
  • Русский
"Кабарда" ИМБДУнун делегациясынын келишинин жыйынтыктары боюнча пресс-конференция болду
Жарыяланган күнү : 
05/03/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 5-мартында, «Кабар» маалымат агенттигинде, курамында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер, ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан, ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери Александр Матвеевдер болгон Кыргызстанга ИМБДУнун делегациясынын келишинин жыйынтыктары боюнча пресс-конференция болду. Пресс-конференцияга Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Бакыт Кененбаев жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун өкүлдөрү катышты.

Пресс-конференцияда катышуучулар журналисттерге интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгуунун биринчи этабы жөнүндө, ИМБДУнун делегациясынын бир жумалык визитинин жыйынтыктары тууралуу жана мамлекеттик структуралар, бизнес-коомдоштуктар, илимий чөйрөлөр, юридикалык компаниялар жана чыгармачыл союздар менен болгон жолугушуулардын жыйынтыктары жөнүндө айтып беришти.
Бул жолугушуулардын максаты, биринчи кезекте, бардык кызыкдар болгон катышуучуларды келечектеги стратегиянын милдеттери жөнүндө, ар бир чөйрө үчүн алардын мааниси жана ролу туурасында маалымат берүү, ошондой эле ушул стратегияны иштеп чыгуунун методологиясы жана мындан аркы ишмердүүлүк боюнча алгачкы сунуштарды чогултуу болду.

Жакынкы мезгил ичинде маселелерди тыкыр иштеп чыгып жана багыттар боюнча өз эскертүүлөрүн жана сунуштарын киргизе турган жумушчу топторду аныктоо маселеси чечилди. Андан тышкары, бул топторду чогултууну жүзөгө ашырып жана алардын ишмердүүлүктөрүн, ошондой эле ИМБДУнун эксперттери менен байланыштарды жана консультацияларды координациялай турган көзөмөлдөөчү комитетти дайындоо маселеси чечилди.

ММКнын өкүлдөрү контрафактылык продукцияга каршы күрөштө укук коргоо органдарынын ролу жөнүндөгү, стратегияны ишке ашыруунун мүмкүн болгон механизмдери жөнүндөгү, Батыш Европа өлкөлөрүндө Интернетте каракчылык продуктуларды жайылтууга каршы кандайча аракеттенише тургандыгы тууралуу суроолорго кызыгышты. Бул суроолорго Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев, ИМБДУнун аймактар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Михал Свантнер жана Улуу Британиянын эл аралык кеңешчиси Рон Маршандар жооп беришти.

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/05/kabar
Тема боюнча материалдар:
ИА 24kg
ИА 24kg
КНИА Кабар