• Кыргызча
  • Русский
УРМАТТУУ АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР!
Жарыяланган күнү : 
05/03/2010

Аалам алкагындагы жашоо-тирликтеги төрүбүзгө жылуулукту, аруу тилек, сулуулукту алып келишкен Сиздер – асылзат айымдардын бар болгонуңуздар ээлик кылып турат. Сиздер бар жерде жашоо уланып, түнүндө күйүп турган шам болуп, күндүзү күлкү шаң толуп, багыт алган келечек бар болуп келгени сиздердин асылдыгыңыздарды айгинелеп турат. Сиздердин демиңиздер менен коомдук түзүлүштүн ар бир багыттарында улуу жетишкендиктерге ээ болуп келебиз.

Жер планетасынын айымдарынын 8-март – Жаз майрамынын жарыгында, сиздерди майрамыңыздар менен ак тилек ниетимден куттуктаймын жана ар дайым биз менен кош болуп бар болушуңуздарды каалаймын!

Сиздерди терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик
кызматынын мүдүрү
Улан Мелисбек