• Кыргызча
  • Русский
Илимдер өспүрүмдөрдү гана эмес, өлкөнүн экономикасын дагы азыктандырат.
Жарыяланган күнү : 
04/03/2010

Ата мекендик иштеп чыгуучулардан өндүрүшчүлөргө чейинки жолду кандайча курабыз? Ушул суроо ата мекендик окумуштууларды жана өлкөнүн өкмөтүн көптөн бери түйшөлтүп келүүдө. Советтер Союзунан Кыргызстанда суктанарлык илимий-техникалык потенциал мураска калган, бирок мамлекеттик колдоо системасынын жоюлушу менен биздин илим кыйын мезгилди башынан кечирүүдө.

Интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу, техноголияларды өткөрүп берүү, лицензиялык ишмердүүлүк жана бүтүндөй интеллектуалдык менчик базарын калыптандыруу жана өнүктүрүү маселелери ИМБДУнун жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү менен жогорку мектептин жана республиканын илимий коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунун катышуучуларынын талкуулана турган предмети болуп калды.

Жолугушуу Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнердин, ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рона Маршандын жана интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгуунун баштапкы этабы менен байланышта болгон ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери Александр Матвеевдин Кыргызстанга келишинин алкагында өттү.

«Биздин алдыбызда жалпы күч аракет жумшоо менен, окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн, инженерлердин алардын интеллектуалдык менчик формасындагы илимий-техникалык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжаларына укуктарын коргоо жана тариздөө маселелериндеги көйгөйлөрдү жана орчундуу чекиттерин табуу, ошондой эле биздин өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү тармактарында ИМди ийгиликтүү колдонуу маселеси турат», – деп айтты, жолугушууну ачып жатып, Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев. Ал эми ИМБДУнун аймактык дтректору Михал Свантнер жакынкы эле мезгилге чейин интеллектуалдык менчик маселелери юридикалык өңүттө каралчу, ал эми инновациялык процесстер жолунда кандай тоскоолдуктар тураары жөнүндө ойлонгондор аз болчу. Бирок бүгүн кырдаал өзгөрдү жана ИМди коммерциялаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү маселелери улам барган сайын чоң мааниге ээ болууда. Алар ИМ боюнча Улуттук стратегияга киргизилет деп белгиледи.

Бул жагдайда Улуу Британияда бир топ ийгиликтерге жетишилди, ал жерде ЖОЖдор коомдоштуктары бизнестин тапшырыктарын аткаруу менен, фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүп каражат табышат. Ушул тажрыйба жөнүндө жана технологияларды өткөрүп берүүнүн жана ИМди коммерциялаштыруунун жакшы жолго коюлган системасы өзүндө кандай мүмкүнчүлүктөрдү алып жүрө тургандыгы туурасында ошол өлкөдөн келген конок, Улуу Британия үчүн ИМ боюнча стратегиянын иштеп чыгуучусу Рон Маршан айтып берди. Ал илимий жана ЖОЖдук коомдоштуктардын өкүлдөрүн улуттук стратегияны иштеп чыгуу процессине активдүү киришүүгө чакырды.

Ата мекендик окумуштуулар үчүн талаш-тартыш темасынын канчалык актуалдуулугу жөнүндө алардын чыгып сүйлөөлөрү боюнча байкоого болот. Ошентип, Раззаков атындагы КТУда жана КРСУда бизнести кызматташтыкка тартуу боюнча көптөн бери иш жүргүзүлүүдө. Чет өлкөлүктөрдөн кем калышпаган технологиялык иштеп чыгуулар дагы бар. Бардыгы келип каржылоо маселесине такалат. Бул ишкерлер үчүн белгилүү бир тобокелчилик эмеспи. Ал эми илимий иштеп чыгуулар үчүн инвеситицияга баш койгондор үчүн биздин өлкөдө салык жеңилдиктери караштырылган эмес. Мындай көйгөйлөрдү, бүгүнкү күндө изилдөөлөргө тапшырыктарды аткаруу менен чет өлкөлүк илимди факт жүзүндө тейлеген УИАнын окумуштуулары дагы башынан кечирүүдө. Жеке иштеп чыгуларына, анын үстүнө аларды алга жылдырууга акча жок.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү, бүгүнкү күндө Кыргызпатент ата мекендик новаторлордун жетишкендиктерин алга жылдыруу жана жаштар менен өспүрүмдөрдүн арасында илимий-техникалык чыгармачылыкты колдоо үчүн көп иштерди жасап жаткандыгын белгилешти. Бирок жалгыз анын күч аракеттери жетишсиз. ИМ боюнча жаңы Улуттук стратегия жыйылып калган көйгөйлөрдүн жүгүн «сенек чекиттен» жылдыруга мүмкүндүк берүүчү архимеддик рычагы болуп кала алат деп белгилешти.

URL:
http://mir.patent.kg/ru/news/2010/03/04/university