• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызстан эл аралык ченемдердеги ИМ чөйрөсүндө мыйзамдарды эриш-аркак келтирүү боюнча лидерлердин бири болуп эсептелет
Жарыяланган күнү : 
03/03/2010

Бул жөнүндө бүгүн, 2010-жылдын 3-мартында ИМБДУнун делегациясынын Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекова менен болгон жолугушуусунда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер билдирди.

Ал интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү кыргыз мыйзамдары мурдагы советтик мейкиндиктегилердин эң прогрессивдүүсү болуп санала тургандыгын белгиледи. Ал эми «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» Мыйзам сыяктуу ченемдик документти кабыл алгандыгы менен өнүккөн өлкөлөрдүн ар бири эле мактана албайт.

Жолугушууга ошондой эле экономикалык жана социалдык саясат боюнча, ошондой эле билим берүү жана спорт боюнча парламенттик комитеттердин өкүлдөрү катышты. Кыргызпатентти анын статс-катчысы Бакыт Кененбаев, Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Самаков жана бөлүмдүн башкы адиси Гүлназ Асакеевалар көрсөтүштү. Бакыт Кененбаев Кыргызпатент тарабынан Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик менен Кыргызстанда ИМди өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыгуу боюнча кызматташуу жөнүндө келишүүлөргө жетишилгендигин жана ИМБДУнун эксперттеринин бул процессте катыша турган негизги “оюнчулар” менен жолугушууларынын сериясы бул жолдогу биринчи кадам болуп кала тургандыгын кабарлады.

Жолугушууну ачуу менен Чолпон Турсуновна Кыргызстанда акыркы жылдары интеллектуалдык менчик маселелерине зор көңүл бурулуп жаткандыгын жана мында мекеменин азыркы жетекчиси Улан Мелисбектин жана анын адистер командасынын сиңирген эмгеги зор экендигин белгиледи. Биз өткөн советтик терс көрүнүштөрдөн эми гана арыла баштадык, анда бардыгы мамлекетке таандык болуп, ал эми «менчик» деген сөз терс маанини түшүндүрчү эле.

2009-жылы парламент Кыргызпатент менен бирдикте интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды жеткилең кылып иштеп чыгуу боюнча чоң иштерди жасады. Эми минтип ИМ жаатында Улуттук стратегияны түзүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө маселе каралып жатканда, анын ийгиликтүү ишке ашырылышына мындай укуктук тилкени калыптандырууда парламент негизги ролду ойноого милдеттүү экендигин айтты.

Өз кезегинде ИМБДУнун кеңешчиси Рон Маршан, стратегиянын ийгилиги үчүн, зарыл болуп турган өзгөртүүлөрдүн маңызын ушундай түшүнүүнүн өзү абдан маанилүү экендигин белгиледи. Мисалы, мындай стратегия ийгиликтүү ишке ашкан Улуу Британияда, өкмөттүн, бизнестик жана илимий чөйрөлөрдүн ушундай түшүнүүсү стратегияны бир топ финансылык чыгымдарсыз ишке ашырууга мүмкүндүк берген.

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/03/parliament