• English
  • Кыргызча
  • Русский
Финансы министрлигиндеги жолугушуу
Жарыяланган күнү : 
03/03/2010

2010-жылдын 3-мартында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (КРнын ИММК) жетекчилиги жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) делегациясы Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Эрик Усубалиев жана министрликтин кызматкерлери менен жолугушту.

ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер КРнын ИММКсы менен интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча стратегияны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен долбоор жөнүндө айтып берди.

Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев, интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгууда жана андан ары ишке ашырууда башка мамлекеттик мекемелер менен катар КРнын Финансы министрлиги дагы маанилүү ролду ойной тургандыгын белгиледи.
Жолугушуу үзүрлүү болду, өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы кадамдары аныкталды.

Министрдин орунбасары Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчигин өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу процессинде Финансы министрлиги консультациялык жана уюштуруу жардамдарын көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/03/minfin
URL:
http://mir.patent.kg/news/2010/03/04/minfin