Мыйзамдардагы кенемтелер жана укуктарды колдонуу практикасындагы кемчиликтер интеллектуалдык менчикти натыйжалуу коргоо үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.
Бул жөнүндө Мамлекеттик бажы кызматынын жыйындар залында өткөн ИМ тармагында Улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелери боюнча «тегерек столдун» катышуучулары айтышты.
Жолугушуу Кыргызстанга ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршандын, ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Михал Свантнердин жана ушул бөлүмдүн башкы кеңешчиси Александр Матвеевдин келишинин алкагында өттү, алар келечектеги Стратегиянын концепциясы боюнча өзүлөрүнүн көрө билүүлөрүн айтып беришти. Ага МИИМдин (Мамлекеттик ички иштер министрлиги), МБКнын (Мамлекеттик бажы кызматы), Маданият боюнча агенттиктин, Финансылык полиция кызматынын, Соода-өнөр жай палатасынын жооптуу кызматкерлери, райондук соттордун, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, юристтер, интеллектуалдык менчик маселелеринде адистештирилүүчүлөр, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, ошондой эле элчиликтердин жана ПРООН жана USAID сыяктуу эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышты.
Тегерек столдун ишин куттуктоо сөздөрү менен КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Дмитрий Федоровдор ачып, иш-чаранын катышуучуларын талкууларга активдүү катышууга үндөштү.
Андан ары сөз ИМБДУнун делегациясынын башчысы Михал Свантнерге берилип, ал өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн экономикалык абалынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуудагы интеллектуалдык менчиктин мааниси жөнүндө айтып берди. Господин Свантнер, ИМБДУ биринчи кезекте консультативдик жардам көрсөтөөрүн жана Стратегияны ишке ашыруудагы ийгиликтер бул процесске бардык коомдук жана саясый күчтөрдүн биргелешкен кызыкдарлыкта катышуусуна көз каранды боло тургандыгын белгиледи. Интеллектуалдык менчикти жана укук ээлеринин кызыкчылыктарын коргоодо өзгөчө роль бажы, контролдоочу жана укук коргоочу органдарга таандык жана ошондуктан, алардын кызматкерлери өлкөнү өнүктүрүүдөгү интеллектуалдык менчиктин маанисин жакшы түшүнүүлөрү керек экендигине токтолду.
ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршандын бет ачарын талкуулоо учурунда катышуучулардын арасында олуттуу талаш-тартыштар жанданды. Көпчүлүк дооматтар укук колдонуу практикасындагы кемчилдиктер, ошондой эле мыйзам ченемдеринин кээ бир жеткиликсиздиги боюнча айтылды. Ошол себептен Кыргызстандагы каракчылык жана контрафактылык продуктуларды чыгаруучулар көпчүлүк учурда жазаланбай калууда, ал эми кээ бир соода маркаларынын ээлери ак ниетсиз атаандаштарга каршы күрөштөн чарчагандыктан, базарды таштап кетишип жаткандыктары айтылды.
Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча Ассоциациянын жетекчиси Сергей Павловский өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, ИМди коргоо жана натыйжалуу мыйзам базасын түзүү үчүн Кыргызпатент олуттуу күч аракеттерди жумшоодо. Бирок, бир мекеменин гана күч аракеттери менен көйгөй чечилбейт. Ошондуктан, ИМ жаатындагы Улуттук стратегиянын үстүндө иштөөдө бардык “оюнчулар” – укук коргоо органдарынан жана мамлекеттик мекемелерден тартып коомдук бирикмелерге жана бизнес-ассоциацияларга чейин биригүүлөрү абдан маанилүү.
Жолугушуунун катышуучулары келечектеги стратегияны иштеп чыгуу боюнча өз ой-пикирлерин айтышты, ал эми ИММКнын директору Улан Мелисбек кайсы гана болбосун идеяны карап чыгууга даяр экендигин билдирди.
URL:
http://mir.patent.kg/ru/news/2010/03/02/gts
Тема боюнча материалдар:
КНИА Кабар



