Курамында ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Михал Свантнер жана ушул бөлүмдүн башкы кеңешчиси Александр Матвеевдер болгон ИМБДУнун делегациясынын бир жумага келүүсүнүн алкагында 2010-жылдын 2-мартында чет өлкөлүк коноктор үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын корпустары боюнча экскурсия өткөрүлдү. Экскурсияны директор Улан Мелисбек, анын орун басары Данияр Сыдыков жана статс-катчы Бакыт Кененбаевдер алып барышты.
Кыргызпатенттин корпустарын кыдырууда ИМБДУнун өкүлдөрү мекеменин кызматкерлеринин иши менен таанышышты, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерине экспертиза жүргүзүүчү адистер менен баарлашышты. Жумушчу бөлмөлөрүн көрүп чыгышкан коноктор техникалык жабдуунун жетишээрлик жогорку деңгээлде экендигин белгилешти. «Биз эксперттердин ишинин керектүү жана сапаттуу деңгээлин камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгондун бардыгын жасоодобуз», – деп эскертти Улан Мелисбек.
Кыргызпатенттин экинчи корпусундагы китепканага, ошондой эле Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканага барган делегациянын өкүлдөрү патенттик маалыматты көңүл сыртында калтырышкан жок. Эл аралык эксперттер интеллектуалдык менчик жаатындагы маалыматтык камсыздоонун зор маанисин белгилешти жана фондду толуктоо үчүн англис жана орус тилдериндеги кошумча адабияттарды салып жиберүүгө убада беришти.
