Бул жөнүндө Кыргызпатенттин пресс-кызматына долбоордун идеясы таандык болгон Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун директору Зарина Оморова кабарлады.
“Өткөн жылы ИМдин Мамфонду тарабынан кыргыз жазуучулары, сүрөтчүлөрү, композиторлору жана ойлоп табуучулары жөнүндө маалымат камтылган төрт маалымдама-китептер чыгарылган, – дейт Зарина Оморова. – Алар чектелген нускада чыгарылган жана азыркы күндө Мамфонддун китепканасында сакталууда. Биз wikipedia.kg сайтынын түзүүчүсү жана администратору Медет Тюлегенов менен байланышып, бул маалыматты сайтка жайгаштырууну сунуштадык жана макулдугун алдык”.
ИМ Мамфондунун директорунун айтымында, долбоор эч кандай чыгымдарды талап кылбайт, анткени Мамфонддун базасында маалымдамалардын электрондук версиялары бар. Эми бул маалыматка кирүү мүмкүндүгү кайсы болбосун студентте, мектеп окуучусунда же жөн гана талапкер Интернет колдонуучуда пайда болот. Ал эми окурмандардын аудиториясын кеңейтүү үчүн, ата мекендик сүрөтчүлөр, жазуучулар, музыканттар жана ойлоп табуучулар жөнүндө бардык макалаларды адегенде кыргыз тилине, андан кийин англис тилине которуу болжоштурулууда. Ошондо бүтүндөй дүйнө жүзүндө белгилүү болгон ангис тилдүү web-ресурска чыгууга мүмкүндүк болот.
Орус тилиндеги маалыматты жакынкы эки айдын ичинде жайгаштыруу болжоштурулууда, ал эми жылдын аягына чейин кыргызча жана англисче версиялары пайда болмокчу.
URL:
http://mir.patent.kg/ru/news/2010/03/01/wikipedia
URL:
http://patent.kg/news/2010/03/02/wikipedia
Алакалуу макалалар:
Кабар КУМА