• Кыргызча
  • Русский
Улуттук стратегияны иштеп чыгуунун методологиясы жөнүндө Рон Маршандын бет ачары
Жарыяланган күнү : 
26/02/2010

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуунун биринчи баалоочу этабынын алкагында Бишкекке ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси, Британиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун мурдагы башчысы Рон Маршан, ошондой эле ИМБДУнун өкүлдөрү: Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер жана ушул бөлүмдүн кызматкери Александр Матвеедер келишет.

2010-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын отурумдар залында эл аралык эксперттердин Кыргызпатенттин кызматкерлери менен жолугушуусу болот, анда ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан улуттук стратегияны иштеп чыгуунун методологиясы жөнүндө бет ачарын көргөзөт.

URL:
http://mir.patent.kg/news/2010/03/02/presentation