2010-жылдын 19-февралында Москвада Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жаатында кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жеткире иштөө жана макулдашуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча эксперттик топтун отуруму болду.
Отурумга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Украинанын өкүлдөрү, КМШ Аткаруу комитетинин кызматкерлери катышты.
Отурумда Кыргызстанды Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Самаков көрсөттү.
Отурумдун жыйынтыктары боюнча эксперттик топтун катышуучулары Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жаатында кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жана Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү долбоорун, ошондой эле Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш жөнүндө Жобонун долбоорун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жеткире иштелгендерди жана макулдашылгандарды жактырууну чечишти.
Андан тышкары, КМШ өкмөттөрүнүн башчыларынын Кеңешинин карап чыгуусуна документтердин долбоорлорун киргизүү үчүн КМШ Аткаруу комитетине кайрылууну чечишти.
URL:
http://mir.patent.kg/ru/news/2010/02/26/expert-group
URL:
http://mir.patent.kg/news/2010/03/02/expert-group
