2010-жылдын 1-мартында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) делегациясынын жана Кыргызпатенттин жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ӨИИБА) жетекчисинин орун басары Учкунбек Ташбаев менен жолугушуусу болду.
ИМБДУнун делегациясын Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер, ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан, ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери Александр Матвеевдер көрсөтүштү.
Жолугушуу Кыргызстанда интеллектуалдык менчик жана инновациялар системасын өнүктүрүү, интеллектуалдык менчиктин статусун жана өлкөнүн экономикалык дареметин көтөрүүдө анын негизги ролун жогорулатуу, ушул тармактагы улуттук стратегияны калыптандыруу багытында биргелешкен ишмердүүлүктү талкуулоого арналды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Михал Свантнер стратегиянын үстүндө биргелешип иштөөнүн маанилүү ролун мындайча белгиледи: “бул чөйрөдө ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык мамлекеттик органдар, ошондой эле жеке секторлор биргелешип иштөөгө тийиш. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагында бирдиктүү саясатты киргизүүсүз экономикалык өнүгүү мүмкүн эмес”.
ӨИИБА жетекчисинин орун басары Учкунбек Ташбаев, азыркы мезгилде Борбордук агенттик ар түрдүү мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүктөрүн координациялоонун жолдорун издеп жаткандыгын айтты, ошондой эле ал, ушул кезге чейин өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун бирдиктүү механизми болбогондугун белгиледи. “Бүгүнкү күндө ишкерчилик чөйрөсүндө инновациядагы инвестициялардын зарылдыгын керектүү деңгээлде түшүнүү жок болуп жатат. Улуттук стратегия ушул тоскоолдуктарды жоюуга өбөлгө түзүүгө жана инновациялык экономиканы куруу үчүн курал болуп калууга тийиш” – деп эскертти Учкунбек Ташбаев.
Рон Маршан, биринчи кезекте чыгармачылык жана өнөр жай индустриясын бириктирүү, бизнестеги инновациялык ой жүгүртүүнү калыптандыруу зарылдыгына көңүл бурду: “Адамдар жаңы идеялар менен чоң корпорацияларды түзүштү, бирок, кийинчерээк инновациялык учкунду жоготуп алышты”.
Интеллектуалдык менчик жана инновациялык ишмердүүлүк жөнүндө адамдардын түшүнүгүн өзгөртүү – биздин негизги милдетибиз, кызматташтыктын платформасын түзүү зарыл – деп белгиледи Михал Свантнер.
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек өз кезегинде, жаңы стратегия иш жүзүндө эч нерсеге жарабаган долбоор болууга тийиш эмес экендигин, Кыргызпатент интеллектуалдык менчик жаатында натыйжалуу стратегияны түзүү үчүн эл аралык тажрыйбаны жана дүйнөлүк бизнес-коомдоштуктардын алдыңкы жетишкендиктерин колдонууга ниеттене тургандыгын билдирди.


