Бүгүн, 2010-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекетик кызматынын отурумдар залында эл аралык эксперттердин Кыргызпатенттин кызматкерлери менен биринчи жолугушуусу болду.
Чогулгандарга куттуктоо сөзү менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек кайрылды жана бардыгына үзүрлүү ишти каалоо менен мындай деп белгиледи: «Бүгүнкү жолугушуу интеллектуалдык менчик жаатында Стратегияны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүктүн башталышын белгилейт. Демократиянын жана базар экономикасынын жолуна түшкөн биздин жаш Республикабыз үчүн бул документтин маанисин кайра баалоо кыйын. Бүгүнкү күндө дал ушул чыгармачылык даремет жана инновациялар экономикалык өсүүнү жана социалдык өнүгүүнү маанилүү даражада аныктоодо».
Ошондой эле Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Михал Свантнер бардыгына жемиштүү иштерди каалады.
Биринчи жолугушуунун максаты, интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча иштелменин методикасына киришүү болуп эсептелет. Стратегия инновацияларга, чыгармачылыкка жана интеллектуалдык менчикке жаңы мамилеге багытталмакчы.
Өткөөл экономикадагы өлкөлөрдө улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча колдонмонун бет ачарын ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан көрсөттү. Ал ишмердүүлүктүн негизги багыттарын белгилеп, бул процесстин катышуучулары жөнүндө айтып берди.
Рон Маршан ошондой эле «Иштеп чыгуу процессинде, ал эми андан ары ушул улуттук стратегияны ишке ашырууда дагы негизги ролду Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги (ӨИИБА) ойнойт» деп белгиледи.


