• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте автоматтык телефон станциясы орнотулду
Жарыяланган күнү : 
26/02/2010

Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы илимий-техникалык мекеме катары, биринчи кезекте калкты сапаттуу тейлөөнү жогорулатуу үчүн зарыл болгондун баарын жасоого умтулууда. Бир катар башка кайра түзүүлөр менен катар мекемеде автоматташкан телефондук станция (АТС) орнотулду.

Мындай жаңылыктын кириши байланыштын сапатын жакшыртып, сервистик кызмат көрсөтүүлөр спектрин жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Автожоопбергич системасы үч тилде (кыргыз, орус жана англис) иштеп, чалууларды керектүү бөлүмгө түздөн-түз багыттоого мүмкүндүк берет.