• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте ММК өкүлдөрү үчүн пресс-сессия болду.
Жарыяланган күнү : 
24/02/2010

2010-жылдын 24-февралында Кыргызпатентте, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү негизги түшүнүктөр жана укуктук аспектилер менен таанышууга арналган биринчи пресс-сессия болду. Пресс-сессия Кыргызстанга улуттук интеллектуалдык менчк стратегиясын иштеп чыгууга байланышкан маселелерди талкуулоо максатында ИМБДУнун эксперттер тобунун келишине арналды.

Пресс-сессияны директордун орун басары Данияр Сыдыков куттуктоо сөзү менен ачып, өз сөзүндө ал ушундай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Пресс-сессияга маалымат агенттиктеринин жана «Аргументы и факты», «Слово Кыргызстана», «МСН» ж.б. сыяктуу басма ММКнын журналисттери катышты. Пресс-сессиянын катышуучуларына кызыктуу бет ачарлар көрсөтүлүп, Кыргызпатенттин эксперттери интеллектуалдык менчик, автордук укук жана чектеш укуктар түшүнүгү жөнүндө, интеллектуалдык менчикти коргоо, эл аралык кызматташтык тууралуу айтып беришти. Андан тышкары, Кыргызпатенттин кызматкерлери ИМБДУнун көз карандысыз эксперти Рон Маршандын келе тургандыгы жөнүндө кабарлашты.

Пресс-сессия жандуу баарлашуу формасында өтүп, ар бири аны кызыктыруучу суроолорду беришти жана аларга эксперттердин өздөрүнөн квалификациялуу жоопторду алышты.
Пресс-сессияны жыйынтыктоо менен уюштуруучулар жана журналисттер мындай жолугушууларды дайыма өткөрүп туруу керек экендигине ынанышты. Пресс-сессиянын катышуучулары келечекте алар үчүн кыйла кызыктуураак боло турган темаларды талкууга алууну сунушташты, аларга KGдомен аймагын башкаруу, ИМ жаатындагы кылмыштар, ИМди коммерциялаштыруу сыяктуу маселелер бар.

Иш-чаранын аягында директордун орун басары Данияр Сыдыков мындай деп белгиледи: «Пресс-сессиянын алкагындагы биздин биринчи баарлашуу ийгиликтүү болду деп ойлойм жана биздин мындан аркы кызматташуубуз эки тараптуу кыймыл менен эшикте да эркин жүрөт деген ишеничтебиз».

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/02/24/press