• Кыргызча
  • Русский
Ата-Мекенди коргоо күнү
Жарыяланган күнү : 
20/02/2010

Урматтуу мырзалар!

Байыртадан ата-бабаларыбыз тарыхтын татаал, кыйын кездеринде элдүүлүгүн, тилин, ар-намысын ыйык тутуп, Ата-журтту көздүн карегиндей сактап, урпактарынын бүгүнкүдөй жаркыраган келечеги үчүн канын-жанын аябай, абасы таза, жери асыл ыйык мекенибизди бизге туу кылып тартуулаган. Мурас болуп бүгүнкүгө чейин сакталып келаткан Мекенди коргоо салты ар бир жарандардын асыл эмгектеринде жашап турганы менен бийик турат.

Тунук акыл-эс, күжүрмөндүк сезим аркылуу кубаттуу кыргыз мамлекетин куруу менен элибиздин жаркын жашоосун камсыз кылган, кадырман мырзалар, сиздердин ар бириңиздердин аткаруучу милдетиңиздер нар көтөргүс.

Сиздерди Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктоо аркылуу үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, турмуш келишин, иштериңиздердеги ийгиликтердин боло беришин каалаймын!

Сиздерди терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик
кызматынын мүдүрү

Улан Мелисбек