21-февралда бүткүл дүйнө жүзү 1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан салтанаттуу жарыяланган Эл аралык эне тил күнүн белгилешет.
Тил – бул ар бир элдин маданияты, салттары, жашоо образы жана тарыхы менен катар турган ажыратылгыс бөлүгү. Эл аралык эне тил күнү биринчи кезекте тилдерди коргоо күнүнө багытталган. ЮНЕСКО келтирген маалыматтарга ылайык дүйнөнүн 6 миң тилдеринин ичинен жарымы өздөрүнүн акыркы алып жүрүүчүлөрүн жоготушу ыктымал.
Эл аралык эне тил күнүндө бардык тилдердин теңдиги таанылат, анткени алардын ар бири уникалдуу түрдө адамдын тагдырына жазылган жана ар бири биздин ар бирибиз аздектеп сыйлай турган тирүү мурас.
2003-жылы 21-февралда Эл аралык эне тил күнүнө карата ЮНЕСКОнун Генералдык директору К. Мацуура мындай деп белгилеген: «Эне тилге эмне үчүн ушунча көңүл бурулат? Анткени анын бүтүндөй ар түрдүүлүгү адамдык чыгармачылыктын кайталангыс көз караштарын түзүп турушат. Байланыштын, кабылдоонун жана ой жүгүртүүнүн куралы катары тил ошондой эле биздин дүйнө таануубузду сыпаттайт жана өткөндүн, азыркынын жана келечектин ортосундагы байланышты чагылдырат. Тилдер капыстан жолугушуулардын издерин, ар бири өзүнүн тарыхына ылайык каныккан ар кандай булактарды алып жүрүшөт.
Кийинчерээк адам башка көп тилдерди үйрөнүп кетсе дагы, эне тилдер адам төрөлгөндөн тартып унутулбай анын эсинде кала турган нерселерге салган издери менен уникалдуу. Чет тилдерди үйрөнүү – бул башка мамиле менен башка дүйнөнү көрүп билүү ыкмасы».
Сиздерди ушул эң сонун майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/02/20/rodnoy
URL:
http://mir.patent.kg/news/2010/02/20/rodnoy
