• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кызматташтыктын көпүрөлөрүн салабыз
Жарыяланган күнү : 
20/02/2010

Кечээ, 2010-жылдын 19-февралында Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек JICAнын Кыргызстандагы жана Казакстандагы Туруктуу өкүлү господин Хидэаки Маруяма менен жолугушту.

Господин Маруяма Кыргызпатенттин кеңсесине JICA өнүктүрүү программасы боюнча агенттиктин адиси Айнура Иманалиева менен келди. Жолугушууга ИММК тараптан Улуттук домен аймагын башкаруу борборунун башчысы Нурлан Баяман, Интеллектуалдык менчиктин мамфондунун директору Зарина Оморова, ИМ объектилерин мониторингдөө жана коммерциялаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Насыр Жакыпбек уулу жана айтмакчы, өз убагында Японияда окуу курсунан өтүп келген Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Фархат Ибрагимов катышты.

Жолугушуу формалдуу эмес жагдайда өттү. Кыргызпатенттин кызматкерлеринин жогорку даражадагы конок менен котормочусуз англис тилинде баарлашуусу Господин Маруяманы жагымдуу таң калтырды. Тараптар өз мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө маалымат алмашышты жана кызматташтыктын келечектерин талкуулашты. Белгилүү болгондой JICA агенттиги Кыргызстандагы өз иштеринин алкагында мамлекеттик структураларга алардын дареметтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган техникалык, гранттык жана эксперттик колдоо көрсөтөт.

Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбектин айтымында, бүгүнкү күндө JICA менен кызматташуунун келечектүү багыттарына Улуттук домен аймагын башкаруу борборун өнүктүрүү жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу сыяктуулар кирет. Буга жооп кылып Хидеаки Маруяма ушул маселелерди чечүүдө Кыргызпатентке колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди жана ИММКнын кызматкерлеринин жогорку дареметтүүлүгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу процессин тездетүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын белгиледи.

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/02/20/jica