Твиттер – бул бүткүл дүйнө боюнча адамдардын колдоосуна ээ болгон, чыныгы мезгилдин режиминдеги маалыматтык түйүн, ал маалымат менен бөлүшүүгө жана азыркы убакта болуп жаткандар жөнүндө билип турууга мүмкүндүк берет.
Эми Твиттердин жардамы менен сиздер Кыргызпатенттин жаңылыктары жана келечектеги окуялар жөнүндө, интеллектуалдык менчикке байланышкан кызыктуу фактылар туурасында кысылган формата, жеке компьютерди пайдалануу менен гана эмес, каякта жүрсөңөр дагы мобилдүү телефондун жардамы менен дагы билип турсаңыздар болот.
Маалымкат:
Твиттер – бул микроблогдорду алып баруу үчүн онлайн сервис. Кабарлоо 140 символ узундукта чектелүү.
Твиттердин маанилүү өзгөчөлүгү – бул окурмандар – өз блогдорун твиттерде алып баруучу башка блоггерлер менен баарлашуу мүмкүндүгү. Башка көп нерселерден тышкары Твиттер блогго SMS билдирүү аркылуу дагы жазса болот.
Кыскалык, ыңгайлуулук, ыкчамдык, окурмандардын кеңири чөйрөсү – Твиттер ушунун бардыгын блогдорду алып баруунун эң белгилүү сервиси менен жасайт.
