• English
  • Кыргызча
  • Русский
Карагылачы, Кыргызпатентке кимдер келди
Жарыяланган күнү : 
17/02/2010

КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбектин буйругу менен Кыргызпатенттин бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Алардын ичинде жаңы адамдар дагы бар.

Зина Беккелдиевна Исабаева, Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз Мамлекеттик университетин «Физика» адистиги боюнча 1982-жылы бүтүргөн. Университетти аяктагандан кийин Улуттук илимдер академиясында инженер болуп иштеп, андан көп өтпөй эле илимий кызматкер болгон.

Ал Кыргызпатентке 1993-жылы ошол кезде КРнын Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиги болуп турган кезинде келген. Зина Беккелдиевнаны Кыргызстандагы интеллектуалдык менчик системасынын негиздөөчүлөрүнүн катарына ишенимдүү кошууга болот. Бөлүм башчы, андан соң маалыматтык камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги болуп10 жылга жакын иштеген.

2002-жылы КРнын Премьер-министринин Аппаратынын Социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө эксперт катары кирген, ал эми 2008-жылдан жакынкы убакытка чейин КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүндө иштеп, анда бир топ башка иштер менен катар Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн жетектеп келген.

Зина Исабаева тарыхый адабиятка көбүрөөк ыклас коет, ошондой эле бош убактысын сүйүктүү небереси менен өткөрөт. Жашоодогу принциби: «Окуу, окуу жана дагы бир жолу окуу».

Людмила Владимировна Павлович, пресс-кызматтын жетекчиси.

Өзүнүн журналисттик мансабын Россияда баштаган: Калининград областында шаардык гезиттин редакциясында иштеген. 1983-жылы Бишкекке (ал кездеги Фрунзе) келип, адегенде М.Фрунзе атындагы заводдун көп нускалуу редакциясын жетектеген. Кийинчерээк «Чуйские известияда» экономика бөлүмүн башкарган жана «Рынок капиталов» журналы менен кызматташкан. 2001-жылы «Слово Кыргызстана» гезитинин штатын саясый серепчи катары толуктап, ал эми 2008-жылы «Российская газетанын» Борбордук Азия өкүлчүлүгүндө жума күнкү чыгарылыштын редактору болуп иштеген.

«Пресс-кызмат үч негизги милдетти аткарууга тийиш, – деп эсептейт Людмила Павлович. – Биринчиден, бул, биздин ведомствонун саясатына маалыматтык колдоо көрсөтүү. Экинчиден, жамааттын ичинде байланыштарды жөнгө салуу жана анда жагымдуу мамилелерди түзүү. Үчүнчүдөн, Кыргызпатенттин позитивдүү кадыр-баркын камсыз кылуу жана негизги коомдоштуктар тарабынан мамлекеттик структура катары ага болгон ишенимди колдоо. Бул максаттарга жетүү үчүн биз кесиптештерибиз менен биргеликте заманбап байланыш жана PR-технологияларын колдонууга ниеттенүүдөбүз.

Людмила Павлович үй-бүлөлүү, бойго жеткен эки уулу бар. Саякаттоону, китеп окууну, классикалык музыканы, көркөм сүрөт өнөрүн жактырат. Сүйүктүү афоризми: «Ар кандай чочколуктан бир үзүм ветчина кесип алууга болот».

Сергей Анатольевич Лужанский, интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн адиси.

Сергей Лужанский 22 жашта. 2009-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин юриспруденция адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. 2009-жылдын сентябрында жеке компанияда юрист болуп иштей баштаган.

Сергей студент кезинде эле интеллектуалдык менчик системасына кызыгуусу арта баштаган. 5-курста ал дипломдук ишин ушул тема боюнча даярдаган жана диплом алдындагы практикасын Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик укуктарын жана апелляцияларды жүзөгө ашыруу бөлүмүндө өткөргөн.

Университетти бүтүргөн соң Сергей Кыргызпатентке орношууга далалат кылган, бирок, жаш адиске мамлекеттик кызматтын өлчөмдөрү, анын ичинде иш тажрыйбасы сыяктуу аспектидеги абдан жогорку талаптар коюлган. Ошондуктан Сергей үчүн биринчи жумуш оруну жеке компания болуп калган.

«Расмий сайттагы «Ау, спецы!» аттуу макаланы окугандан кийин, аракетимди кайталадым, бактыга жараша бул жолу ийгиликтүү болду», - дейт Сергей.

Жеке уюмду мамлекеттик структурага эмне үчүн алмаштырдың деген суроого ал мындай деп жооп берди: «Менин мамлекеттик кызматтын пайдасына болгон тандоомо жөнөкөй эле бир себеп бар – бүтүндөй Кыргыз мамлекетинин ишин жакшыртууга өз күч-аракетимди болушунча кошкум келет».

Сергей Лужанский бойдок. Бош убактысында табият менен таттуулашканды жакшы көрөт, лыжа спортуна кызыгат. Адамдардын чынчыл жана адистик чеберчилик сапаттарын баалайт.