“Интелектуалдык Менчик” расмий бюллетендин 2009-жыл 11-номеринде ар кандай материалдардын ичинде өнөр жай үлгүсүнө өтүнүүчүнүн жоопкерчилиги астында: «Кыргыз алфавити менен компьютердик клавиатура» аттуу патент жарыяланган, патенттин автору жана ээси жаш ишкер Нурмукамбед Кубатович Абдыкадыров эсептелет.
Мындай клавиатураны түзүү идеясы кандайча пайда болду?
Он жылча мурда компьютер менен интернет күндөлүк жашообуздун бир бөлүгү болуп калды, ошол эле учурда компьютердик тексттерди кыргыз тилинде терүү мүмкүндүгү пайда болду. Ошол жылдардагы эң белгилүү шрифттер “ArialKy”» жана “TimesKyr” боло турган. Бул шрифттердеги кыргызча спецификалык тамгалар клавиатурада ар кандай тамгалардын жана символдордун астында жайгаштырылчу. Мисалы, бир учурларда «Ө» тамгасы “+” белгисинин астында, башка учурда - “Ъ” тамгасынын астында жайгашкан. Бул ыңгайсыз болгон. Бул өзгөчө интернет-сайттардын жана басма басылмаларынын редакторлоруна көп убаракерчиликтерди жараткан. Кыргыз тилинде интернет-барактарды түзүүдө барактарды так чагылдыруу үчүн, авторлорго көчүрүп алуу үчүн шрифттерди сунуш кылууга туура келген.
Көптөгөн компьютердик клубдар тексттерди орус, англис, кыргыз жана башка тилдерде терүү боюнча өз кызмат көрсөтүүлөрүн жакындан бери эле сунушташты. Бир жолу интернет клубдардын биринин жанынан өтүп баратып мен, орус жана англис тилдериндеги тексттерди терүүдө бир барак 15 сом, ал эми кыргыз тилиндегиси – 25 сом экендиги жөнүндө жарнак илинип турганын көрүп калдым. Мен бир аз капалана түштүм. Өз ичимден: «Кантип эле ушул көйгөйдү чечүүгө болбосун?» деп койдум.
Windows XP операциялык системасы кыргыз тилине тиешелүү көптөгөн көйгөйлөрдү четтетүүгө мүмкүндүк берди жана Microsoft дагы кандайдыр бир жаңылыкты кошумчалады: бул «кыргызча жайлаштыруу» жана кыргыз тамгалары коюлган юникод-шрифттери болду. Биз башка белгилер жана тамгаларга көз карандысыз тексттерди кыргыз тилинде терүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Бирок кыргыз тилинин спецификалык тамгаларын терүү үчүн, колдонуучуга экиден же үчтөн кем эмес баскычты басууга туура келүүчү. Бул дагы колдонуучуларга кээ бир ыңгайсыздыктарды жаратчу. Ошондо мага кыргыз тамгалары коюлган клавиатура жөнүндө идея келди.
Клавиатура жана анын кандайча иштөөсү тууралуу кыскача айтып бересизби?
Мурдагы QWERTY-клавиатурасынын жайгаштырылышы өзгөртүлгөн жок, эч кимдин укугу дагы бузулган жок, тескерисинде кеңейди. Клавиатура белгилүү бир форма менен, ошондой эле иштөө принциби боюнча топтоштурулган жана символикалуу белгилер, тамгалар, оозеки жана санариптик белгилер түрүндө графикалык жасалгасы бар баскычтарынын бар экендиги менен мүнөздөлөт. Муну менен “Ө” жана “Ү” тамгалары үчүн өзүнчө баскычтар караштырылган.
Клавиатура соңку операциялык системаларда өздөштүрүлгөн юникод-шрифттер менен иштейт.
Сиздин клавиатуранын артыкчылыгы эмнеде?
Клавиатуранын артыкчылыгы, “Ө”, “Ң”, “Ү” тамгаларын чагылдыруу үчүн кошумча баскычтарды басуунун зарылдыгы жок экендиги болуп эсептелет, ошондуктан аны менен иштөө бир кыйла ыңгайлуу. Бул, менин азыркы кезде активдүү талкууланып жаткан, статусун көтөрүү зарылдыгы жөнүндө маселеге – мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымым деп айтууга болот.
Сиз атайын билимсиз өз идеяңызды кантип ишке ашырдыңыз?
Мындай клавиатураны түзүү идеясы 2008-жылдын башында келди, ошондон бери мен алдыга максат койдум: кандай болгон күндө да аны ишке ашыруум керек. Мен программачыларга кайрылдым, алар менен көп кеңештим, идеяны ишке ашыруу үчүн өндүрүшчүлөр менен байланыштым жана 2008-жылдын октябрында менин колумда менин идеямдын үлгүсү – кыргыз алфавити бар клавиатура турду.
Сиз эмне үчүн өзүңүздүн жараткан нерсеңизди патенттөөнү чечтиңиз?
Биринчиден, бул идея – меники жана аны ишке ашыруу үчүн көп күч-аракет жумшадым. Эгерде кимдир бирөө ага карата укукту өзүмдүк кылып алса, же менин уруксатымсыз аны пайдаланса мен ыза болмокмун, калыстык болбой калмак.
Экинчиден, мен мындай клавиатураны конвейерге өндүрүшкө коюу үчүн демөөрчүлөрдү табууну пландаштырып жатам. Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырам жана менин клавиатурам биздин жарандарга пайдалуу болот деп ишенем.


