• English
  • Кыргызча
  • Русский
Биздин юбилярлар: Кеңеш Жаманкулов
Жарыяланган күнү : 
15/02/2010

Техника илимдеринин доктору, профессор, ойлоп табуучу Кеңеш Жаманкуловду юбилейи менен куттуктайбыз! 14-февралда Кеңеш Жаманкулович 75 жашка толду.

Кеңеш Жаманкулович - текстилдик машиналарды долбоорлоо тармагындагы адис. Ал текстиль өнөр жайынын кездеме чыгаруу өндүрүшүндөгү даярдоо бөлүмүнүн текстилдик машиналарынын түрүү системасын автоматтык жөнгө салуу тармагындагы жаңы илимий багыттын автору.

Кеңеш Жаманкуловдун өндүрүшкө киргизилген “Эки каттап түрүү машинасынын патрону ММ-150-2» аттуу ойлоп табуусу сапаты боюнча 1988-жылы Кыргыз Республикасынын сыйлыгына ээ болгон.

1999-жылы ойлоп табуучу “Идеялар жармаңкеси” аттуу республикасык сынактын лауреаты болгон. Ал “2003-2004-жылдарда ойлоп табуучулук ишмердүүлүк тармагындагы мыкты иштер” аттуу V республикалык сынактын жана “2005-2006-жылдарда ойлоп табуучулук ишмердүүлүк тармагындагы мыкты иштер” республикалык сынактын жыйынтыктары боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамоталары менен сыйланган.

2004-жылы инновациялык ишмердүүлүккө сиңирген эмгеги үчүн Кеңеш Жаманкулович Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал ошондой эле 145 жарыяланган илимий эмгектердин жана 40тан ашуун ойлоп табуулардын автору болуп эсептелет.

Өмүрүңүз узак болуп, көп кырдуу ишмердүүлүгүңүздүн үзүрүн көрүңүз, узак жылдар бою талыкпаган эмгегиңиз аркылуу жеткен кадыр-баркыңыз сизди бактылуу кылсын жана туугандарыңыз, жакындарыңыз, досторуңуз жана кесиптештериңиз менен болгон мамилеңизде кубаныч тартуулап турсун!

Сизге зор бакыт, бакубатчылык, чың ден-соолук, ийгиликтерди жана көрүнүктүү жетишкендиктерди каалайбыз!