• English
  • Кыргызча
  • Русский
"Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын" ачылышы
Жайындалган күнү : 
2010-02-08

Бүгүн, 2010-жылдын 8-февралында “Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын” салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чара “Алтын Түйүн” Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы (РБИТА) тарабынан уюштурулду.

Алтын Түйүн” РБИТАнын директору Жаркын Бапанова бардык катышуучуларды куттуктады жана жаш, таланттуу балдарга демилгелүүлүгү, чыгармачыл мамилеси, илимге кызыгуулары үчүн ыраазычылык билдирип, “Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы” алардын көпчүлүгү үчүн мындан аркы илимий-техникалык ишмердүүлүккө арыш алуучу чекит болуп калаар деген үмүтүн билдирди.

Жумалыктын ачылышына Кыргызпатенттин атынан КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун директору Зарина Оморова катышты.

Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы” 2010-жылдын 12-февралына чейин созулат, жумалыктын алкагында жаш окумуштуулар үчүн КРнын УИАсына экскурсиялар, окумуштуулар менен жолугушуулар, өндүрүштөргө экскурсиялар жана эмгек сиңирген ардагерлер, ар түрдүү кесиптеги жумушчулар менен жолугушуулар уюштурулмакчы.

Андан тышкары, өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынын мектеп окуучулары үчүн сынактар жана турнирлер уюштурулат. Жуманын акыркы күнүндө жыйынтыктарды чыгаруу жана сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо пландаштырылууда.