Пресс-сессиялар - бул уюмдар менен журналисттик коомдоштуктардын ортосундагы жаңы жана натыйжалуу байланыштар ыкмасы. Алар ММК өкүлдөрүнө Кыргызпатенттин ишинин спецификасы менен тереңирээк таанышууга, мекеменин адистеринен аларды кызыктыруучу суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берет.
Биз мындай жолугушууларды 2010-жыл ичинде дайыма өткөрүп турууну пландаштыруудабыз. Биринчи пресс-сессия 24-февралда болот. Ал интеллектуалдык менчик чөйрөсүнүн негизги түшүнүктөрү жана укуктук аспектилери менен таанышууга жана ИМБДУнун көз карандысыз эксперти Рон Маршандын Кыргызстанга келүүсүнө арналат, анын келүү максаты - интеллектуалдык менчиктин улуттук стратегиясын иштеп чыгууга байланышкан маселелерди талкуулоо.
Пресс-сессиянын катышуучуларын кызыктуу бет ачарлар, бүткүл дүйнөнүн мамлекеттери кандай жалпы күч аракеттерди жумшоо менен, чыгармачыл адамдардын, ойлоп табуучулардын, соода маркаларынын жана башка ИМ объектилеринин ээлеринин укуктарын коргоо сакчылыгында турушкандыгы тууралуу интеллектуалдык менчик тарыхы жөнүндө аңгемелер күтөт. Салттуу түрдө кофе-брейк үстүндө формалдуу эмес баарлашууларды дагы четтеп өтпөйбүз.
Биздин коноктордун көңүлүн үч темага бурабыз:
1. Интеллектуалдык менчик деген эмне?
2. Интеллектуалдык менчикти коргоо.
3. ИМ жана инновациялар боюнча улуттук стратегия.
Өткөрүү датасы: 2010-жылдын 24-февралы.
Өтүүчү жери: Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын Отурумдар залы.
(Москва көчөсү, 62)
Пресс-сессияга катышууну каалагандардан Анкета толтуруп, аны төмөнкү эл. почтого 2010-жылдын 18-февралына чейин жөнөтүп жиберүүнү өтүнөбүз: .
Катышуучулардын саны чектелүү.
Бардык суроолор боюнча Кыргызпатенттин пресс-кызматына кайрылууну суранабыз.
Байланыштыруучу адам: Румия Нуруллина
Тел.: (0312) 68 10 53
Кошумча матариалдар Өлчөмү
Кошумча матариалдар Өлчөмү
anketa_dl_uchastiya_v_press.doc 27 KB
URL:
http://patent.kg/news/2010/02/06/1646.html
| Кошумча матариалдар | Өлчөмү |
|---|---|
| anketa_dl_uchastiya_v_press_0.doc | 27 KB |