Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун жаңы жетекчилиги дайындалды. Фондду БААУнун (бакалавр укук таануу) жана Швейцариядагы Эл аралык экономика жана укук университетинин (эл аралык соода мамилелеринин магистри) жыйырма төрт жаштагы бүтүрүүчүсү Зарина Оморова жетектеп калды. Анын орун басары Насыр Жакыпбек уулу болду, ал дагы БААУнун бүтүрүүчүсү. Ошентип Кыргызпатенттин башчысынын келечектүү жаштарга карата чакырыгы угулбай калбаптыр.
Жаш экендигине карабай Зарина Кубанычбековнанын мыкты иш тажрыйбасы бар, анын ичинде чет өлкөлүк компанияларда иштеген.
Адегенде бул юридикалык фирмадагы практика болгон, андан кийин TFI компаниясы, ал эми акыркы мезгилде болсо «Орион Групп» америкалык курулуш компаниясында бизнести өнүктүрүү боюнча иш жүргүзгөн.
Кыргызпатент ишке адистердин жаңы генерациядагы өкүлдөрүн жана башкаруучуларын чакырып жаткандыгы жөнүндө Зарина Оморова “Вечерний Бишкекке” жарыяланган Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбектин «Ау, адистер!» аттуу макаласынан улам билип, өзүн жаңы кызмат орунунда сынап көрүүнү чечкен.
“Менин билимин жана бизнестеги башкаруучулук иш тажрыйбам жаңы жумуш орунумда керек болот жана биздин өлкөдө интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө өзүмдүн салымымды кошууга мүмкүндүк берет деп ишенем”.- дейт Зарина Оморова.
Зарина Оморова үй-бүлөлүү. Бош убактысындагы сүйүктүү иши - ырдоо: вокал менен студент кезинен алектенет, жеке номерлери менен чыгып ырдап жүрөт. Турмуштук ишеним принциби:”Кайсы иш болбосун натыйжа алып келүүгө тийиш”.
Жаңы директордун пикири боюнча Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду ойлоп табуучулар менен инновацияларды иштеп чыгуучулар ишкерлер менен жолугушуп, өздөштүрүү үчүн аларга өз идеяларын сунуштоого мүмкүн боло турган жай болуп калууга тийиш. Ошол эле учурда Фонд өлкөнүн чыгармачыл элитасын колдоого алат.
Насыр Жакыпбек уулу дагы билими боюнча юрист жана бизнес-структураларда, атап айтканда - белгилүү “Яшар” компаниясында юристин жардамчысы, андан кийин туунду ишканалардын биринин жетекчиси болуп иштөө менен өзүн келечектүү адис катары көрсөтө алган.
Бир аз убакыт Алматыда иштеген, андан кийин бизнес куруу жана аларды башкаруу чөйрөсүндө консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген. Кыргызпатентте иштөөгө ынтызар экендигин ал ведомствонун жетекчилик кызмат орунуна Улан Мелисбек келгенден бери бул жерде болуп жаткан өзгөрүүлөргө байкоо солып жүргөндүгү менен түшүндүрдү жана бул процесске өзүнүн жеке салымын кошууга ниеттенет.
Насыр Жакыпбек уулу үй-бүлөлүү, ата болууга али жетише элек. Сүйүктүү иши - китеп окуу, тарыхый документалдуу материалдарга артыкчылык берет. Идеалдуу саясатчы анын түшүнүгүндө - бул саясатчы -техноадис, эл алдындагы саясатка скептиктик мамиледе. Адамдардагы чынчылдыкты, калыстыкты барыдан жогору баалайт. Сүйүктүү афоризми: “Кайсы кесип болбосун, аны билбегендерге сыйкырдуудай көрүнөт”.
URL:
http://patent.kg/news/2010/02/09/1655.html
Алакалуу макалалар:
Ау, спецы!

