“Күн энергиясын өздөштүрүүдөгү жана пайдалануудагы инновациялар” атуу эл аралык семинар
Өткөн ишембиде Үрүмчү шаарында (КЭР, СУАР) “Күн энергиясын өздөштүрүүдөгү жана пайдалануудагы инновациялар” атуу эл аралык семинар аяктады.
Ал 2010-жылдын 6–26-июнунда өттү жана ал Кытай Эл Республикасынын Илим жана техника министрлигинин жана СУАР Илим жана техника башкармалыгынын колдоосу жана жетекчилиги астында Илимий-техникалык маалымат боюнча СУАР Борбору тарабынан уюштурулду. Семинардын ишине Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Монголиянын өкүлдөрү катышты.
ИМБДУ жаңы WIPO GOLD онлайн ресурсту сунуштайт
Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) интеллектуалдык менчиктин берилмелерин издөө үчүн ИМБДУнун глобалдуу документтерине универсалдуу кирүүнү камсыз кылуучу жаңы WIPO GOLD онлайн ресурсту ишке киргизди.
Бул жөнүндө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Башкы директору Френсис Гарри өзүнүн ИМБДУнун порталына келүүчүлөргө кайрылуусунда кабарлады.
“Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо” аттуу илимий-практикалык конференция
2010-жылдын 14–18-июнунда Алушта шаарында ( Крым АР, Украина) Украинанын Крым Автономиялуу Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган “Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо” аттуу кезектеги илимий-практикалык конференция болду.
“Патенттерге жана товардык белгилерге укуктарды камсыз кылуу” аттуу семинар
Азербайжандын борбору Бакуда 2010-жылдын 15–16-июнунда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) жана Азербайжан Республикасынын Стандарттарштыруу, метрология жана патент боюнча Мамлекеттик комитети тарабынан уюштурулган“ Патенттерге жана товардык белгилерге укуктарды камсыз кылуу” аттуу семинар болду. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынан ага Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Самаков катышып келди.
Композитор Муратбек Бегалиев 55 жашта
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев өзүнүн 55 жашка толгондугун белгиледи.
Той ээсинин дарегине Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жамааты куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
“Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча бажы чаралары” аттуу семинар
2010-жылдын 7–9-июнунда Астана шаарында USAID тарабынан уюштурулган “Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча бажы чаралары: ЕС жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбалары” аттуу семинар болду. Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынан Интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Ильясова катышты.
Семинарга Евросоюздун өлкөлөрүнүн, ошондой эле Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын өкүлдөрү катышты.

