• English
  • Кыргызча
  • Русский
Салттуу билимдер маселелери
Жайындалган күнү : 
2010-02-04

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын Салттуу билимдерди эксперттөө секторунун башчысы Динара Оморбекова салттуу билимдерди коргоого байланышкан суроолорго жооп берди.

Салттуу билимдер деп эмнени түшүнүүгө болот?

Салттуу деп, белгилүү бир элге же ал жашаган аймакка таандык болгон, муундан муунга өтүп сакталган жана курчап турган чөйрөнүн өзгөрүүсүнө ылайык үзгүлтүксүз өсүп-өнүгүп турган билимдердин түрлөрү эсептелет.
Салттуу билимдер катары катталуучу объектилер, атап айтканда төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
билимдер – кандайдыр бир маалыматтарга, кандайдыр бир практикалык машыгууларга, ыкмаларга ээ болуу, практикада текшерилген чыныгы турмушта жетишилген натыйжа, жаратылыштын, коомдун, ой жүгүртүүнүн өнүгүү мыйзам чненмдүүлүктөрү жөнүндө маалыматтар түзүмү ж.б.

ыкмалар – кандайдыр бир максатка жетүүнүн практикалык ыкмалары, аракеттенүү ыкмалары, кандайдыр бир жол менен иш кылуу, кандайдыр бир конкреттүү маселени чечүү үчүн пайдаланылуучу ыктар, мамилелер ж.б.;

жолдор – аракеттерди аткаруу процесстери, аракеттердин образы, жүзөгө ашыруу аргалары, ыкмалары, бир нерсеге жетишүү, бир нерсени жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды ишке ашыруу каражаттары.

Салттуу билимдерди коргоо эмне үчүн зарыл?

Улам барган сайын салттуу билимдер жана аларга байланышкан генетикалык ресурстар көбүрөөк илимий жана коммерциялык кызыкчылыктардын объектилери болуп калууда жана аларга кирүү мүмкүндүгү кеңири чөйрөнү кызыктырууда. Салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды пайдалануудан коммерциялык пайда табууга болот, мисалы, бүгүнкү күндө элдик медицинанын негизинде өндүрүлүүчү фармацевтикалык каражаттардын базар баасы адистердин эсептөөсүндө миллиарддаган долларларды түзөт.

Салттуу билимдерди коргоо – бул, биринчиден элдин өзүнчөлүгүн көрсөтүүчү салттуу билимдерди келечек муундар үчүн сактоо, ошондой эле бул биологиялык ар түрдүүлүктү жана жашоо чөйрөсүнүн генетикалык ресурстарын туруктуу пайдаланууга байланыштуу, экинчиден, салттуу билимдердин ээлери алардын билимдерин үчүнчү жактар пайдалангандыгы үчүн калыс сый акыларды алууга тийиш. Дүйнөлүк практикага ылайык салттуу билимдерди коргоонун эки негизги багыты бар: колдонулуп жүргөн ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана атайын мыйзамдарды кабыл алуу (sui generis).

Кыргызстанда салттуу билимдер кандайча корголот?

2007-жылы катарында Бразилия, Индия, Перу, Филиппиндер жана башкалар болгон 25 өлкө менен катар Кыргызстанда салттуу билимдерди коргоо жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынган. Өткөн Совет мезгилине киргендердин ичинен Кыргызстан гана салттуу билимдерди коргоо жөнүндө атайын мыйзам кабыл алган.

Көпчүлүк учурда жеке адамдар же конкреттүү үй-бүлөлөр билимдерди «сактоочулар» болуп эсептелсе дагы, салттуу билимдердин жамааттык менчик болуп жана түпкүлүктүү жана жергиликтүү коомдун маданий мурасы болуп эсептелүү фактысы, салттуу билимдерге карата менчик укуктары коомдорго бекитүүнү болжоштурат.

Салттуу билимдерди натыйжалуу коргоону камсыз кылууга карата ыкмалардын биринин sui generis деп аталган системасы аларды документтештирүү, салттуу билимдер боюнча реестрлерди жана маалымат базаларын түзүү болуп саналат.

Реестрлер жана маалымат базалары патентик өтүнмөлөрдү карап чыгуу процессинде мурунку техникалык деңгээлди таанууга жана дал ошону менен мыйзамсыз өзүмдүк кылып алууну болтурбоого жардам берет. Бирок, реестрге же маалымат базасына жашыруун салттуу билимдерди киргизүү, эгерде аларды коргоо үчүн билгиликтүү чаралар колдонулбаса, аларды мыйзамсыз өзүмдүк кылып алуу жеңилдеши мүмкүн экендигин белгилөө керек. Бул планда каттоо системасында жашырындуулук зарыл.

Эгерде кимдир бирөө Кыргызпатентте салттуу билимдер объектисин каттаса, бул анын жалгыз гана пайдалануучусу болот дегенди билдиреби?

Белгилүү болгондой, жеке менчик ээсине таандык болгон өз мүлкүнө ээ болуу, пайдалануу жана тескөө укуктары, салттуу билимдерге карата толук өлчөмдө ишке ашырыла албайт.
Ошентип салттуу билимдер жана генетикалык ресурстар колдонулуп жаткан интеллектуалдык менчик укуктары учурундагыдай менчикте турбастан, сактоодо турат. Кээ бир билимдерди белгилүү бир адамдар гана пайдалана алышат, же алар белгилүү бир аймактар менен чектелишет, экинчи бир билимдер болсо кыйла ачык болушу мүмкүн жана кыйла кеңири биргелешип колдонууда турушат.

Билимдерди билүү, алар жеке жана эркин ажыратылуучу менчик болуп эсептелет дегенди билдирбейт. Билимдерге ээ болуу укуктар менен эмес, жоопкерчилик, сыйлоо жана милдеттенмелер түшүнүгү менен көбүрөөк байланыштырылат.

Пресс-кызматтын фотосүрөтү (Кыргызпатенттеги мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгын майрамдоо)
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/02/04/1640.html
URL:
http://patent.kg/news/2010/02/05/1642.html