Адабий альманах «Саамалык — 9» басууга даяр
Жарыяланган күнү :
01/02/2010 Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун колдоосу астында жаш акындардын жана жузуучулардын «Саамалык — 9» адабий жыйнагы басууга даярдалды, ал өз ичине 50дөн ашуун жаш авторлордун ырларын жана аңгемелерин камтыйт.
«Саамалык» бүтүндөй Кыргызстан боюнча таланттуу жаш жазуучулардын жана акындардын адабий чыгармаларын камтыйт. Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду шыктуу акындар менен прозачыларга колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын «Саамалык» адабий альманахын чыгарып турат. Бул көптөгөн авторлордун мындан аркы чыгармачылык өсүшү үчүн жакшы өбөлгө болуп эсептелет.
