• English
  • Кыргызча
  • Русский
2009-жылы ойлоп табуулар боюнча берилген өтүнмөлөрдүн саны өткөн жылдагыга салыштырганда 7,3%га көбөйдү
Жайындалган күнү : 
2010-01-30

2009-жылы ИМ мамлекеттик кызматына ойлоп табууга патент берүүгө 149 өтүнмө келип түшкөн, өткөн жылдагыга салыштырмалуу берилген өтүнмөлөрдүн саны 7,3%га көбөйгөн.

2007-2009-жж. статистика көрсөткөндөй, ойлоп табууларга өтүнмөлөрдүн көпчүлүк саны, Эл аралык патентик классифиуацияга (ЭПК) ылайык, төмөндөгү бөлүктөргө таандык: «А. Адамдын турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу», «F. Механика; жарык берүү; жылытуу; кыймылдаткычтар жана соргучтар; курал-жарак жана ок-дары; жардыруу жумуштары», «В.Ар түрдүү технологиялык процесстер; ташуу», «С.Химия; металлургия». Андан ары «Е. Курулуш; тоо-кен иштери», «G. Физика», «Н. Электр кубаты», «D. Текстиль; кагаз» кетет.

Ойлоп табууга патент Кыргыз Республикасынын аймагында, өтүнмө КРнын ИММКга берилген күндөн тартып эсептелип, жыйырма жыл ичинде аракеттенет. Фармацевтикага тиешелүү ойлоп табууга патенттин аракеттенүү мөөнөтү ээсинин жолдомосу боюнча беш жылдан ашык эмес убакытка узартылышы мүмкүн.

2009-жылы Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрине 87 ойлоп табуу киргизилди, 1993-жылдан 2009-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу ойлоп табуулардын саны бардыгы болуп 3588ди түзөт.

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/01/30/1596.html
URL:
http://patent.kg/news/2010/02/01/1600.html