2010-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борбору юридикалык жак катарында Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өттү.
Мындан бир аз мурдараак «Улуттук домендик аталыштар системасын иштетүүнү уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 192 Жарлыгына жана «КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына ылайык Кыргызпатент улуттук домен наамдарынын системасын иштетүүнү уюштуруу максатында «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борбору жөнүндө жобо иштеп чыккан жана бекиткен.
Борбор жөнүндө Жобо бардык кызыкдар болгон министрликтер жана коомдук уюмдар менен макулдашуудан кийин бекитилди.
«KG» улуттук домен аймагын башкаруу борборун финансылоо Кыргызпатенттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- «KG» улуттук домен аймагын башкаруу жаатында жөнгө салуу милдеттерин эл аралык координациялоочу уюм – домен наамдарын берүү боюнча Интернет Корпорациясынын (ICANN) талаптарына ылайык жүзөгө ашыруу;
- домен наамдары системасын иштетүүнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуу;
- Кыргыз Республикасында Интернет түйүнүн колдонууларды кеңейтүү;
- «KG» улуттук доменин иштетүүнү эл аралык стандарттарга ылайык кармоо;
- домен наамдарын каттоонун сапатын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- домен наамдарын каттоо жана кармоо системасынын ишеничтүүлүгүн камсыз кылуу;
- домен наамдарын каттоону камсыз кылуу жана анын сакталышын көзөмөлгө алууну жүзөгө ашыруу боюнча укуктук ченем базаларын даярдоо;
- домен наамдарын каттоо жаатында адистерди даярдоо;
- домен наамдарын каттоо жаатында атаандаштыкты күчөтүү;
- домен наамдарын каттоого байланышкан талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын өнүктүрүү.
URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/01/30/1597.html
URL:
http://patent.kg/news/2010/02/01/1599.html
Алакалуу макалалар:
Кабар КУМА