Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек Найроби шаарында (Кения) 2010-жылдын 7-мартында өз ишин баштай турган ICANN корпорациясынын 37-Эл аралык конференциясына чакыруу алды.
ICANN ар түрдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн көз караштарын угуп, актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн, жылыга үч жолу Интернет-коомдоштуктардын өкүлдөрүн жана кызыкдар болгон тараптарды чогултат. Ушундай талкуулардан кийин гана ICANN корпорациясынын Директорлор кеңеши дүйнөлүк домен индустриясын өнүктүрүүгө таасир этүүчү чечимдерди кабыл алат.
Найробидеги ICANN конференциясы өз ишин 12-мартта аяктайт. Ошол күнү өткөн беш күн ичиндеги талаш-тартыштардын жүрүшүндө көрсөтүлгөн сунуштар ICANN Директорлор кеңеши тарабынан каралып, анда конференциянын жыйынтыктары чыгарылат.
ICANN уюмунун акыркы жолугушуулары Бразилияда, Португалияда, Пуэрто-Рикодо, Кошмо Штаттарда, Индияда, Францияда, Египтте, Мексикада, Австралияда жана Түштүк Кореяда өткөрүлгөн.2010-жылдагы жолугушууларды Найроби ш. (Кения), Брюссель ш. (Бельгия) жана Латын Америкасында өткөрүү белгиленген.